COVID-19 менен ооруган бейтаптар бөлүмүнүн медициналык кызматкерлери

53 адамдан вирус табылып, 2 бейтап көз жумду. 20-ноябрдагы статистика

64
(жаңыланган 10:34 20.11.2021)
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 182 780ге жетти. Анын ичинен 177 369 адам дартты жеңип, 2 720 адам коронавирустун курмандыгы болду.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 53 адамдан коронавирус табылып, 80 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 16;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 5.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 182 780ге жетти. Анын ичинен 177 369 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, кечээтен бери оору эки адамдын өмүрүн алып, аны кошкондо өлкөдө жалпы 2 720 адам коронавирустун курмандыгы болду.

Азыркы тапта стационарда 512, ал эми амбулатордук шартта 647 адамдын дарыланып жатканы айтылды.

Өткөн суткада эмдөөдөн 10 374 киши өттү, анын ичинен 5 731и биринчи дозаны, 4 643 адам экинчи компонентти алган. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 066 514кө жетти (экинчи доза 847 188 адам).

64
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, статистика, эмдөө
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус (198)
Тема боюнча
Министрлик: вакцина алгандардын арасында коронавирустан каза болгондор жок
Коронавирустан кийин жыт сезүүнү кантип калыбына келтирүү керек? Кеңештер
Кишилер майрам учурунда. Архив

Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, акчасын кайрымдуулукка жумшайт

5
(жаңыланган 17:40 06.12.2021)
Мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, ага кетчү каражатты кайрымдуулукка жумшамай болду. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай чечимди шаар жетекчилигине тиешелүү бардык мекемелер колдоду.

"Азыркыдай эпидемиологиялык жана экономикалык оор кырдаалда COVID-19 сыяктуу негизги көйгөйлөрдү унутпашыбыз керек. Андыктан аны менен күрөшүүдө калктын аялуу катмарына жардам беребиз. Бул максатта мэрия кызматкерлери жаңы жылдык көңүл ачуу кечесинен баш тартып, ага кеткен каражатка социалдык мекемелерге керектүү буюм-тайымдарды жана тиричилик техникаларын сатып берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан ташкары, мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

Кайрымдуулук акциясын колдогон жамааттарга муниципалитет жардамга муктаж мекемелердин тизмесин бермекчи.

5
Белгилер:
Бишкек мэриясы, Жаңы жыл, кече, кайрымдуулук
Тема боюнча
Мэрия: быйыл Жаңы жылдын түнүндө салют атылбайт
2022-жылы кандай окуялар болот? Ванга менен Нострадамустун айткандары
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив

Акылбек Жапаров үй-бүлөсү менен батирде жашап, 7 унаа айдайт. Декларация

409
(жаңыланган 16:08 06.12.2021)
Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр 815 357 миң сом киреше тапкан. Бул туурасында анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлөт.

Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.

Ал эми жакын туугандары өткөн жылы 96 миллион 745 миң 719 сом пайда тапкан. Алар беш контейнер жана жети автоунаага ээлик кылат.

Контейнерлери жана аянты:

  • Контейнер — 22,7 чарчы метр;
  • Контейнер — 1026,6;
  • Контейнер — 192;
  • Контейнер — 1021,7;
  • Контейнер — 67,6.

Автоунаалары:

  • Mercedes-Benz 210;
  • Mercedes-Benz 410;
  • Mercedes-Benz 409;
  • Mercedes-Benz 208;
  • Mercedes-Benz 811;
  • Mercedes-Benz 7100;
  • Mercedes-Benz 308.
409
Белгилер:
Акылбек Жапаров, декларация, автоунаа, контейнер
Тема боюнча
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды
Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт