Прокуратурада чынчыл, принципиалдуу адамдар иштейт. Жапаровдун куттуктоосу

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
Президент прокуратура кызматкерлери ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы туруп келишкенин белгилеген.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров прокуратура органдарында иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров прокуратура органдарында иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди
Поздравление президента Садыра Жапарова работников прокуратуры - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мамлекет башчы Садыр Жапаров прокуратура органдарында иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди
Билдирмеге караганда, бул күнгө карата салтанаттуу иш-чара өтүп, ага Садыр Жапаров катышкан.
"Мамлекетибиз эчен татаал мезгилдерди баштан кечирип, далай тайгак кечүүлөрдөн өтсө дагы прокуратура кызматкерлери ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы туруп келишкен. Ошол эле маалда кандай гана өзгөрүүлөр болбосун прокуратура органдарында чынчыл, принципиалдуу, баш оту менен өз кесибине берилген, мекен үчүн мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү орнотууга жанын аябаган адамдар эмгектенишет", — деп жазылат куттуктоодо.
Президент прокуратура ардагерлери жаш муундарга таза, кесипкөй жана чынчыл кызматкерлердин үлгүсүн көрсөткөнүн белгилеген. Ал жалпы кызматкерлерге коомго мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0