Автоунаадагы киши. Архив

Кырсыктан оолак болосуз! Кышында автоунааны туура айдоо боюнча кеңештер

272
Адистер жол тайгакта улам бир тилкеге өтүп, аны алмаштыра бербөөнү сунушташкан. Анткени бул дагы кырсыкка алып келиши ыктымал.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. "СберАвто" сервисинин эксперттери РИА Новостиге кышында жол тайгакта кырсыкка кабылбай, автоунааны этият айдоонун жолдорун айтып беришти.

Адистер белгилегендей, эң башкысы айдоочу тормозду эртерээк басып, абайлап айдап, автоунаа башкарып баратканда коркпой, өзүнө ишенимдүү болушу шарт.

"Кышында асфальт тоңот. Жыйынтыгында автоунаанын жүрүшү да кыйындап, тормоз дароо кармабай калат. Ошол себептен айдоочу сак болуп, автоунааны убагында токтотууга даяр болушу зарыл", — деген эксперттер.

Адистер кышында кандай маневр болбосун аны дароо эмес, акырындык менен жасоону сунушташат. Автоунааны чукул буруп жиберүү же газдын педалын басуу кооптуу.

"Рулду акырын жана этияттык менен буруш керек. Ошол эле учурда чоң буруп албаганга аракет кылгыла", — деген алар.

Кышында асфальт, жол чийини, автобус, коомдук транспорттун жолу да кооптуулук жарата турганы айтылып, тилкелерди бат-баттан алмаштырбоо сунушталган. Башкача айтканда, адистер жол тайгакта бир тилкеде жүрүү керектигин белгилешкен.

"Тайгак жолдо айдоочу автоунааны ишенимдүү башкарышы керек. Ылдамдыкты азайтып, рулду чукул буруп же педалды дароо баспаганы оң. Башкаруу жоголуп баратса, газдын педалынан бутту алып, тормозду акырындык менен басканы жакшы", — деген эксперттер.

Буга чейин адистер кышкысын автоунааны кантип бат жылытуу керектигин түшүндүрүп беришкен.

272
Белгилер:
автоунаа, кыш, жол, адис, кеңеш, айдоо, тайгак
Тема боюнча
Терезе бууланбаш үчүн автоунаа мешин кантип туура иштетүү керек
Дөңгөлөктү кантип көпкө чейин пайдаланыш керек. Кеңештер
Пассажиры во время эвакуации граждан РФ и других стран из Афганистана в аэропорту Чкаловский в Московской области.

Россиянын учактары Афганистандан элди алып келүүгө кетти. Ичинде КР жарандары бар

3
(жаңыланган 10:00 01.12.2021)
Россия лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен коргоо министри Сергей Шойгу Афганистан аймагынан элди эвакуациялоо үчүн үчүнчү ирет учак жиберген.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Россиянын аскердик-транспорттук үч учагы Афганистандан жарандарды эвакуациялап, гуманитардык жардам жеткирүү үчүн учуп кетти. Алардын бири Кабул шаарына барып конду деп билдирди РИА Новости.

"Россия лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен коргоо министри Сергей Шойгу Афганистан аймагына үчүнчү эвакуациялык иштерди уюштурду. Ал жактан Россиянын (380ден ашуун) жана ЖККУга мүчө болгон мамлекеттердин (Кыргызстан) жарандарын жана Россия аймагында окуп жаткан афганистандык студенттерди алып келет", — деп айтылган маалыматта.

Учактар Кабулга Подмосковьедеги Чкалов аэродромунан жөнөп кеткен.

Маалыматта россиялык аба кемелери афган элине эмне жардам алып барганы такталып жатканы жазылган.

3
Белгилер:
Афганистан, Россия, Кыргызстан, эвакуация, учак, гуманитардык жардам
Медициналык кызматкер жана COVID-19 менен бейтап ооруканада

Коронавирустун 53 жаңы учуру катталып, үч адам көз жумду. Статистика

11
(жаңыланган 09:51 01.12.2021)
Өлкөдөгү ооруканаларда медициналык жардам алып жаткан 378 кишинин ичинен 30унун абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 53 адамдан коронавирус табылып, 102 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 18;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 8.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 404кө жетти. Анын ичинен 178 332 адам дартты жеңген.

Тилекке каршы, бир суткада Чүй облусунда үч адам коронавирустун курмандыгы болгон. Алардын вакцина албаганы айтылды. Муну менен жалпысынан 2 749 киши оорудан каза болду.

Азыркы тапта стационарда 378 бейтап, ал эми амбулатордук шартта 466 киши дарыланып жатат. Ооруканада медициналык жардам алып жаткандардын ичинен 30унун абалы өтө оор.

11
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, статистика, бейтап, оору
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Жугуштуу илдеттер ооруканасы COVID жуктургандарды кайра кабыл алмай болду
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат