Ворухтун Тажикстанга кошулган картасы “Ала-Арчада” кантип пайда болду? Расмий жооп

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаровдун прокуратура кызматкерлерин куттуктоосу
Президент Садыр Жапаровдун прокуратура кызматкерлерин куттуктоосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
Президенттин маалымат кызматы жарыялаган кадрларда Кыргызстандын картасы туура эмес экени, Ворух анклавы Тажикстандын аймагы менен биригип калганын көрүүгө болот.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында илинген Кыргызстандын туура эмес картасы боюнча түшүрдүрмө берди.
Бүгүн мамлекеттик резиденцияда прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чара президент Садыр Жапаровдун катышуусунда болуп өткөн. Салтанат учурунда тартылган сүрөттөрдү өлкө башчынын маалымат кызматы жарыялаган. Кадрларда Кыргызстандын картасы туура эмес экени, Ворух анклавы Тажикстандын аймагы менен биригип калганын көрүүгө болот. Бул социалдык тармактарда нааразычылык жаратып, кийин сүрөттөр өчүрүлгөн.
“Бул иш-чараны уюштуруудагы Башкы прокуратуранын жооптуу башкармалыгы жеке ишканага баннер жасоого буюртма берген. Буюртманы аткаруучулар тарабынан кетирилген мындай калпыстык үчүн уюштуруу иштерине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт. Ал эми өлкөбүздүн бүтүндүгүн баарынан жогору коюп сар-санаа болуп жаткан жарандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Өлкө кызыкчылыгы, мамлекеттүүлүк баарыбыз үчүн баарынан жогору турат”, — деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.
Аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Коргоо министри Тажикстан менен жазындагы кагылышты ким токтотконун айтты
Ушул жылдын март айында Кыргызстандын УКМК жетекчиси жана чек ара маселелери боюнча өкмөттүк делегациянын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда Кыргызстан Тажикстанга Ворух анклавын Баткендин башка жерлерине (12 миң гектар) алмашууну сунуштаганын билдирген. Бирок Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мындай сунуштан баш тарткан
Бир айдан кийин эки чек арада куралдуу кагылышуу болуп, эки тараптан тең ондогон кишилер көз жумган. Андан соң тараптар сүйлөшүү жүргүзүп, Ходжаи Аъло — Ворух жолун биргеликте курмай болушкан. Бирок Ташиев Ворух анклавына эч кандай коридор берилбегенин айтып чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0