Дарыгер эмнеге кеңсе жумушу адамды стресске кептей турганын айтты

© AFP / MENAHEM KAHANAОфистеги кызматкерлер. Архив
Офистеги кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Жазылуу
Кыймылсыз отура бергенде адамда кортизол гормону арбын иштелип чыгары айтылды. Бул гормон — стресстин гормону деп аталат.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыймылсыз жашоо образы, 8-10 саат бою компьютерде тынымсыз иштөө, туура эмес тамактануу мунун баары кеңсе кызматкерлерин стресске кептейт. Бул тууралуу Республикалык психикалык ден соолук борборунун невроз бөлүмүнүн психотерапевт-дарыгери Айжан Турдукулова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык психикалык ден соолук борборунун невроз бөлүмүнүн психотерапевт-дарыгери Айжан Турдукулова
Врач-психиатр Айжан Турдукулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Республикалык психикалык ден соолук борборунун невроз бөлүмүнүн психотерапевт-дарыгери Айжан Турдукулова
Анын айтымында, кеңседе отуруп иштегендер сколиоз деген сыяктуу ар кандай илдеттерге кабылат.
"Кыймылсыз отура бергенде кортизол гормону (кортизол организмдеги углевод алмашууну жөнгө салуучу гормон, стресстин гормону деп да аталат — ред.) арбын иштелип чыгып турат. Негизинен кортизолду кыймыл-аракет жок кылат. Эли абдан кыймылдуу болгондуктан, Африкада негедир стресс жок дешет. Ал эми бир жерде отуруп иштеген адамда мындай шарт жок. Ошол себептен жумуштан кийин фитнеске барып же жок дегенде бир канча аралыкка жөө басып туруу керек. Бул стресстен тышкары бир нече ооруга бөгөт болот", — деген Турдукулова.
Медик стресстен ар бир адам ар кандай чыгарын айтып, ага жакшы уктап эс алуу (сегиз сааттан кем эмес), витаминдүү азыктар менен тамактануу, кыймыл-аракет, спорт, өзүн сүйүү жардам бере турганын кошумчалаган.
Дарыгер менен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан толугу менен окуңуз.
Жаңылыктар түрмөгү
0