ИИМ башчысы Ниязбеков: админресурс, добуш сатып алуу фактысы күнүгө катталууда

© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер министри Улан Ниязбеков. Архив
Ички иштер министри Улан Ниязбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
ИИМ башчысы Конституция талаптарын жана шайлоо мыйзамдарын кынтыксыз аткаруу милдеттемесин алган партиялар кайра эле укук бузууларга барып жатканын айтууда.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, мыйзам бузуулар боюнча ыкчам чараларды күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Министр элдин талабы жана каалоосу менен калыс шайлоо өткөрүү үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, добуш сатып алууга, административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюлганын эскерткен.
"Дүйнөлүк практика жана жакынкы тарых көрсөткөндөй калыс, адилеттүү атаандаштык маанайда өткөн шайлоо элдин эртеңки келечегине болгон ишенимди жаратып, жарандардын туруктуу жашоосун камсыз кылары баарына белгилүү болуп калды. 5-ноябрь күнү шайлоого аттанган 21 партия атайын Меморандумга кол койгон. Анда бардык тараптар Конституция талаптарын кынтыксыз аткарууга, шайлоо мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды сактоого милдеттеме алышкан. Бирок, тилекке каршы, административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу, добуш сатып алуу жана башка ушул сыяктуу мыйзам бузуулар күнүгө катталууда", — деди Ниязбеков.
Буга байланыштуу ал шайлоону тынч жана укук бузууларсыз өткөрүүгө катардагы кызматкерден баштап жетекчилерге чейин жооптуу экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0