Бишкектеги Октябрь райондук прокурорунун орун басары камакка алынды

© Фото / пресс-служба ГКНБ Бишкектин Октябрь райондук прокурорунун А. А. Э. аттуу орун басарын кармоо учуру
 Бишкектин Октябрь райондук прокурорунун А. А. Э. аттуу орун басарын кармоо учуру - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Райондогу көзөмөл органынын кызматкери милиционерден беш миң доллар талап кылган деп шектелип жатат.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук прокурорунун А. А. Э. аттуу орун басары УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.
Мындай чечим 19-ноябрда сотко чейинки өндүрүш учурунда кабыл алынган.
Прокурор милиционерди кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, беш миң доллар талап кылууга шектелип жатат.
УКМКдан билдиргендей, кызматкерди кармоо жана тинтүү учурунда анын жанынан сумманын жарымы – 200 миң сом табылган. Ошондой эле акыркы үлгүдөгү iPhone 13 смартфону да алынганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0