Ата мекендик жаңы авиакомпания алгачкы каттамын Бишкектен Делиге жасады. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ОАО "МАМ"Кыргызстанда ата мекендик жаңы "Аэро номад эйрлайнс" авиакомпаниясы ишин баштады
Кыргызстанда ата мекендик жаңы Аэро номад эйрлайнс авиакомпаниясы ишин баштады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Компания 19-ноябрда Airbus А320 учагы менен Бишкек — Дели — Бишкек багыты боюнча алгачкы авиакаттамын жасады.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ата мекендик жаңы "Аэро номад эйрлайнс" авиакомпаниясы ишин баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Үч күн мурда компания Airbus А320 учагы менен Бишкек — Дели — Бишкек багыты боюнча алгачкы каттамын жасады. Аталган маршрут боюнча апта сайын жүргүнчүлөрдү ташуу пландалып жатат.
Жаңы компания ноябрь айынын баш ченинде Кыргызстандан чет өлкөгө жана чет жактан Кыргызстанга каттамдарды аткаруу боюнча Жарандык авиация департаментинен уруксат алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0