Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүДевочка катается на самокате в парке. Архивное фото
Девочка катается на самокате в парке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
23-ноябрда республика боюнча күн ачык болушу күтүлөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Шейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +11...+16, Таласта +12...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +14...+16, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8, Теңир-Тоодо +2...+7 градус жылуу болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында күндүн табы +14...+16 градуска чейин көтөрүлүшү болжолдонду.
Жаңылыктар түрмөгү
0