Ош шаарында күн сайын эки саатка жарык өчүрүлө баштайбы? Расмий жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаарынын көрүнүшү. Архив
Ош шаарынын көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Электр энергиясынын дефицити жаралбашы үчүн жана аварияларды алдын алуу максатында "Жылуулук менен камсыздоо" ишканасы тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 22-ноя. – Sputnik. Айрым ЖМКлар "Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасына шилтеме берүү менен Ош шаарынын кичи райондорунда күн сайын эки саатка жарык өчүрүлө турганын жазып чыгышты. Буга энергетикалык кризис себеп болуп жатканы белгиленген.
Анткен менен мындай маалыматты "Ош электр" ААКсы четке какты.
"Интернет-басылмаларга чыккан маалымат чындыкка дал келбейт. "Ош электр" шаарда жарык өчө баштайт деген маалыматты расмий четке кагат. "Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасы жылуулук берүү менен гана алектенип, электр тармагына эч кандай тиешеси жок", — деп айтылат маалыматта.
Электр энергиясынын дефицити жаралбашы үчүн жана аварияларды алдын алуу максатында "Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасы тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0