Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушуу учурунда

Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды. Видео

737
(жаңыланган 18:46 22.11.2021)
Садыр Жапаров мамлекет спортко, спортчуларга, машыктыруучуларга жана алардын ата-энелерине көңүл бурууга милдеттүү экенин айткан.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алып, 1 миллион сомдук сертификат тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жапаров Валентинанын Кыргызстанга келиши бардык кыргызстандыктар үчүн кубанычтуу окуя экенин, бүтүндөй өлкө анын ийгилигине тилектештигин, спорттук жетишкендиктерин колдой турганын айткан. Ал спортчу кызга бекем ден соолук жана бакубатчылык каалаган.

"Жапаров Валентина Шевченкого 1 миллион сомдук сертификат, машыктыруучусу Павел Федотов менен апасы Елена Шевченкого эстеликке белектерди тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Валентина Шевченко Жапаровго кепка, футболка, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында Лас-Вегастагы UFC 266 беттешинде чемпиондук наамын 6-жолу коргогон өзүнүн мушкерлик мээлейин белек кылган.

  • Президент Кырыгзстана Садыр Жапаров во время встречи с чемпионкой мира UFC Валентиной Шевченко, прибывшей в Кыргызстан
    Президент Садыр Жапаров UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алып, 1 миллион сомдук сертификат тапшырды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кырыгзстана Садыр Жапаров во время встречи с чемпионкой мира UFC Валентиной Шевченко, прибывшей в Кыргызстан
    Жапаров Валентинанын Кыргызстанга келиши бардык кыргызстандыктар үчүн кубанычтуу окуя экенин, бүтүндөй өлкө анын ийгилигине тилектештигин, спорттук жетишкендиктерин колдой турганын айткан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Чемпионка мира UFC Валентина Шевченко во время встречи с президентом КР в Бишкеке
    Ал спортчу кызга бекем ден соолук жана бакубатчылык каалаган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кырыгзстана Садыр Жапаров во время встречи с чемпионкой мира UFC Валентиной Шевченко, прибывшей в Кыргызстан
    Жапаров Валентинанын ата-энесине жана машыктыруучусуна спортчуларды даярдоодогу жогорку чеберчилиги, алардын жеңишке карата болгон эрки жана эң жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирген.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алып, 1 миллион сомдук сертификат тапшырды

Жапаров Валентинанын ата-энесине жана машыктыруучусуна спортчуларды даярдоодогу жогорку чеберчилиги, алардын жеңишке карата болгон эрки жана эң жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирген.

"Сиздер ийгилигиңер, талыкпаган эмгегиңиздер менен Кыргызстанды даңазалап келесиздер. Ал эми мамлекет өз кезегинде спортко, спортчуларга, машыктыруучуларга жана ошондой эле келечектеги улуу спортчуларды тарбиялап чоңойткон ата-энелерге көңүл бурууга милдеттүү. Биз мындан ары да спорт менен машыгууну каалаган жарандарыбызга шарт түзүп берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз", — деген президент.

Валентина Шевченко мамлекет башчысына жана бардык кыргызстандыктарга көрсөткөн колдоосу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өз үйү – Кыргызстанга кайтып келгенине кубанычта экенин айткан.

Баарлашуу учурунда Шевченко Лас-Вегаста өткөн UFC 266 турнириндеги кезектеги жеңишинен кийин Жапаровдун жеке өзү телефон чалып куттуктаганына абдан кубанганын айткан.

Валентина Шевченко мындай нерселер спортчу үчүн дем болуп, мыкты иштөөгө мотивация берерин кошумчалаган. Ал эми жердештеринин колдоосун дайым сезип турарын жана жеңишке болгон ишенимин арттырарын айтып берген.

Шевченко Бишкекке кечээ, 21-ноябрда, учуп келген. Ал мекенинде бир айга чукул болорун, Ысык-Көлгө барууну пландаганын айтты.

Валентина Кыргызстанга акыркы жолу 2019-жылы 7-апрелде келип, 8-9-апрель күндөрү Бишкекте жана Ошто күйөрмандары менен жолугуп, президент Сооронбай Жээнбековдун колунан "Даңк" ордени менен сыйланган. Ошондой эле бир жумалык эс алуусунда бир топ жерге барганга жетишкен.

737
Белгилер:
Кыргызстан, Валентина Шевченко, Садыр Жапаров, куттуктоо, кабыл алуу, сертификат
Тема:
Валентина Шевченконун Кыргызстанга келиши (9)
Тема боюнча
Эмоцияга алдырды. Валентина Шевченко Рафаэль Физиев тууралуу оюн айтты
Шевченко: Кыргызстанга келишимдин ЖК шайлоосуна байланышы жок
Валентина Шевченко Бишкектин кайсы жерине өзгөчө суктанарын айтты
Студенттер. Архив

Кыргызстандык студенттер Эл аралык жаштар парламентинин угуучусу болду

5
(жаңыланган 10:28 01.12.2021)
Долбоордун иш-чаралары Парламенттер аралык ассамблеянын штаб-квартирасы жайгашкан Таврический сарайында жана Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинде өтөт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандык студенттер Санкт-Петербургдагы Эл аралык жаштар парламентинин угуучусу болду. Бул тууралуу КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы кеңешинин катчылыгынын маалымат кызматы билдирди.

Бул мектеп кечээ, 30-ноябрда, "Дүйнө өлкөлөрүнүн шайлоо системалары" II Эл аралык студенттик интернет-олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери үчүн ачылган.

Долбоордун угуучулары болуп КМШнын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 30дан ашык студенттер Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Өзбекстан, Украина, Түркмөнстан жана Сербиянын жарандары болушту. Мектеп 4-декабрга чейин иштейт.

Парламенттер аралык ассамблеясы кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий долбоордун катышуучуларына өз саламын жолдоду. Ал бул иш-чара КМШнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында өтүп жатканын белгиледи.

"Шериктештиктин келечеги түздөн-түз жаш муундан, алардын мезгилдин жаңы чакырыктарына даярдыгынан жана пайдалуу кызматташууну тандоосунан көз каранды", — деп баса белгиледи Кобицкий.

Анын айтымында, КМШ ПАА жаштардын коомдун саясий турмушуна жана мамлекеттин ишмердүүлүгүнө жигердүү катышуу укугун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурат.

Долбоордун иш-чаралары Парламенттер аралык ассамблеянын штаб-квартирасы жайгашкан Таврический сарайында жана Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинде өтөт.

Жаштар мектебинин программасына интерактивдүү лекцияларды өткөрүү, студенттерди постсоветтик мейкиндикте интеграцияны өнүктүрүү боюнча көрөгөчтүккө (эксперттик баалоо ыкмаларынын системасы) даярдоо, КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын иши менен таанышуу кирери белгиленди.

Программанын негизги иш-чарасы 2-декабрда илимий дебат форматында өтө турган "Электрондук добуш берүү: макул жана каршы" эл аралык конференциясы болмокчу. Командалар шайлоо процессинде санариптик технологияларды колдонууга арналган интеллектуалдык таймашка катышат. Конференциянын соңунда дебаттардын катышуучуларына сыйлык тапшырылат.

Мунун баары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган "Жаштар парламентаризми КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу саясий өнүгүүсүнүн жана өнөктөштүгүнүн негизи" долбоорунун бир бөлүгү. 2021-жылы долбоор РФ президентинин Гранттык фондунун колдоосуна ээ болгон.

5
Белгилер:
Кыргызстан, мектеп, парламент, жаштар, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы
Тема боюнча
Россия чет элдик студенттерге туруктуу жашоого жеңилдетилген жол менен уруксат берет
QR-код текшерүү

Кыргызстанда эмделгенин тастыктоочу QR-код системасы киреби? Министрдин жообу

8
(жаңыланган 10:24 01.12.2021)
Буга чейин социалдык тармактарда бийлик кийинки аптадан тарта адамдын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктай турган QR-код системасын киргизет деген маалымат тараган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстанда QR-код системасын киргизүү планы жок. Бул тууралуу Sputnik редакциясына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда, анын ичинде "Бишкек сегодня" Telegram-каналында дагы бийлик кийинки аптадан тарта адамдын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктай турган QR-код системасын киргизет деген маалымат тараган. Анда вакцина албай, QR-кодго ээ болбогондор соода борборлору, кафе-ресторан сыяктуу коомдук жайларга киргизилбей турганы айтылган.

Министр бул маалыматты төгүндөдү.

"Жок, андай нерсе пландалган эмес. Бул маселени мен чечем да, азыр андай оюбуз жок", — деди Бейшеналиев.

Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 1,1 миллион киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. Ал эми экинчи компоненти дээрлик 900 миң кишиге сайылды.

Белгилей кетсек, эмделгендер жана ооруп сакайгандар коомдук жайларда эркин жүрүшү үчүн аларга QR-код берүү чечимин Россия бийлиги кабыл алган. Ушул эле эрежелер Европанын айрым мамлекеттеринде колдонулуп жатат.

8
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, QR-код, Алымкадыр Бейшеналиев
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстандагы вакциналар "омикронго" каршы эффективдүүбү? Адистин жообу
Жугуштуу илдеттер ооруканасы COVID жуктургандарды кайра кабыл алмай болду