Мээни 11 жылга карытат. Ден соолукка зыян делген суусундук аталды

© Фото / Pexels / Artem BeliaikinСтолдогу сок жана коктейль. Архив
Столдогу сок жана коктейль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Окумуштуулар белгилеген суусундук адамдын эс тутумун начарлатып, мээнин көлөмүн кичирейте турганы маалым болду.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кумшекер мээнин функцияларына терс таасирин тийгизет, ал эми курамында канты көп суусундуктар мээнин иштөөсүн бузуп, эрте карытат. Бул тууралуу РИА Новости Daily Express басылмасына таянып жазды.
Билдирмеге караганда, Бостон университетинин алдындагы медициналык мектептин окумуштуулары изилдөө жүргүзүп, ага 4 200 адам катышкан. Алар таттуу суусундукту канчалык көп ичерин айтып, илимпоздор кумшекер кошулган суусундук организмге кандай таасир этерин байкашкан.
"Адам күнүнө бир же эки стакан таттуу суусундук ичсе, анын мээси 5,8 жылга, ал эми эки стакандан көп ичсе 11 жылга картаят. Окумуштуулар кумшекер кошулган таттуу суусундукту ичкендердин эс тутуму начарлап, мээсинин көлөмү кичирейе турганын белгилешкен", — деп айтылат маалыматта.
Илимпоздор иликтөөнүн жыйынтыгы аягына чыга электигин айтып, анткен менен таттуу суусундук ден соолукка пайда алып келбей турганын ишенимдүү түрдө белгилешкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0