Коронавирус 69 кишиден аныкталып, эки бейтап көз жумду. Соңку статистика

© AFP / NIKOLAY DOYCHINOVCOVID-19дан каза болгон адамдын сөөгү менен дарыгерлер
COVID-19дан каза болгон адамдын сөөгү менен дарыгерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Кечээтен бери Жалал-Абад облусунда коронавирустун жаңы учуру катталган эмес. Илдет илештиргендердин басымдуу бөлүгү ордо калаада.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 69 адамдан коронавирус табылып, 100 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 30;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 19;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Баткен облусу – 4.
Илдет илештиргендердин жалпы саны 182 953кө жетти. Анын ичинен 177 599 адам дартты жеңген.
Тилекке каршы, бир суткада оору эки адамдын өмүрүн алган. Аларды кошкондо жалпы 2 729 киши коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы учурда өлкө боюнча 458 адам ооруканаларда, ал эми 633 бейтаптын амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0