Баары кыргыз тилин билиши милдет. Жаңы мыйзам камтыган кызматкерлердин тизмеси

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкектеги Ала-Тоо аянтында улуттук кийимчен, калпакчан адамдар. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында улуттук кийимчен, калпакчан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Сунушталган мыйзамдын 32-беренесинде мамлекеттик тилди билүүгө жана кызматтык милдеттерин аткарууда аны кимдер милдеттүү колдонушу керектиги жазылган.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин билүүгө милдеттендирилет. Мындай мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Демилгени Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия сунуштады. Анда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыккан.
Жаңы мыйзамдын 11-главасы "Мамлекеттик тилди билүү милдети" деп аталат. Анын 32-беренесинде төмөнкүлөр мамлекеттик тилди билүүгө жана кызматтык милдеттерин аткарууда аны колдонууга милдеттүү болору жазылган:
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленген тизмедеги бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
  • Улуттук банктын кызматкерлери;
  • Ички иштер жана башка укук коргоо органдарынын офицердик жана башкармалык (орто жана жогорку) курамындагы адамдар, атайын чендер ыйгарылуучу башка органдардын кызмат адамдары;
  • Ички иштер органдарынын жана атайын чендер ыйгарылуучу башка укук коргоо органдарынын катардагы, сержанттык жана старшиналык курамындагылар;
  • Прокурорлор;
  • Адвокаттар;
  • Нотариустар;
  • Менчигинин түрүнө карабай бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери;
  • Билим берүү мекемелерине жана/же илимий мекемелерге илимий, педагогикалык, илимий-педагогикалык кызматкерлер же чет тил мугалимдери катары чакырылган жана убактылуу иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардан же жарандыгы жок адамдардан тышкары педагогикалык, илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлер;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринин медицина кызматкерлери;
  • КР жараны болуп саналбаган адамдардан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери.
Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, Жогорку соттун төрагасы жана Конституциялык палатанын төрагасы гана мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0