6 жерин майлаңыз. Автоунаага кыштын алдында кантип кам көрүш керек

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТехникалык тейлөө станциясын кызматкери жумуш учурунда. Архив
Техникалык тейлөө станциясын кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Суук биринчи ирет каарын көрсөткөндө эле кээ бир айдоочулардын шаштысы кетип калат. Албетте, андан соң автоунааны майлап, кайрадан карап чыкканга туура келет.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыштын алдында автоунаанын алты жерин атайын май менен майлап, бир ирет көздөн өткөрүп текшерип коюу маанилүү.
"Автовзгляд" порталы айдоочуларга бир нече кеңештерди берген.
Биринчи суук урганда эле бир топ айдоочулардын темир тулпары аксап баштайт. Эгерде башында техниканы кышка даярдап алса, мындай маселе жаралбайт эле. Адистер өтө кымбат эмес, жөнөкөй эле ыкмаларды — автоунаанын бир катар бөлүктөрүн майлап коюу керектигин айтышат.
Автокөлүктүн кыймылдаткычын эле эмес, бир топ түйүндөрүн, агрегаттарын да майлаш керек. Ар кыл тетиктердеги тыгыздап, бекемдөөчү нерселерди, эшиктин бүктөмөсүн, кулпусун кышка жакын атайын чыгарылган майлар (материалдар) менен сүртүп чыгуу зарыл. Ал үчүн кургак тефлон, силикон, баткакты жуктурбоочу, литол же башка майлоочу каражаттарды колдонууга болот. Буга көп каражат, башка материалдар деле жумшалбайт. Албетте, чүпүрөк, айнек жуугуч жана 20 мүнөт керек болот.

Капталдагы айнектер

Адатта автоунаанын капталындагы айнектерине аз көңүл бурушат. Кышында ага муз тоңуп, жолдон чачыраган баткактар жабышат да, эригенде майда кум же ылай ылдый агып, аны өйдө көтөрүп же түшүргөндө (жайлап да калат) кычыраган үн чыга баштайт. Анын кесепетинен айнек көтөргүч механизмге күч келет. Көйгөй жаралбаш үчүн алдын ала кам көрүп, силикон спрейди чачып же кургак тефлон сүртүү зарыл. Андан соң тегиз жайылыш үчүн бир нече ирет көтөрүп, кайра түшүрүп, кайталаш керек. Баарын жасап бүткөн соң ашыкча майларды, агып калгандарын чүпүрөк жана айнек тазалагыч менен алып саласыз. Бир караганда көп деле убакыт кеткен жок, бирок кыш бою кыйналбай, ыңгайсыздыкка туш болбой жүрөсүз. Биз сөз кылган көтөрүүчү механизмди жазында кайрадан алмаштырып, акча коротпойсуз.
Автоунаага газ куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Бензинди кантип үнөмдөсө болот. Адистин кеңеши
Эшикти тыгыздагычтар жана багажниктин капкагы
Сырттан чаң, шамалды киргизбей тыгыз кармап турган эшиктин тыгыздагычтарына да кам көрүү керек. Ал сизди шамалдан, сууктан, жамгырдан, кардан, көчөдөгү ашыкча дабыштардан коргойт. Кыш алдында аларга да кам көрүү зарыл экенин эстен чыгарбаңыз. Автоунаанын каалгаларына, ички темирлеринин учтарына чапталган тыгыздагычтарга силикон сыйпап чыгыңыз. Мындай камкордук ага муз тоңуп калгандан коргойт. Себеби катып калганда жабылышы да кыйындайт, кээде катуу күч колдонгондо кырчылып да кетиши мүмкүн.

Капоттун бекиткен кулпусу

Автоунаанын дагы бир көңүл буруп карай турган жери — капоттун бекиткичи, мындайча айтканда, илмеги. Алды жакта жайгашып, темирди бекем, ныктап кармап тургандыктан маңдайдан да, автоунаанын алдынан да көп нерсе чачырайт. Нымдуулук, кышында жолго чачылган реагенттер, баткактын баарына "туруштук берет". Андыктан литол же атайын чыгарылган башка майды илмектин механизмдерине чачып же сыйпап чыгасыз. Муну менен сиз ал тетиктерди "сырткы душмандардан" коргоп каласыз. Бул — айдоочунун алдын ала кам көрүп, андан ары баш оорутпай айдап кетишин шарттаган ыкмалардын бири. Болбосо айнек жуугучка сууну да куя албай, кор болуп, машинанын алдына жатып алып, тырмалап жатканыңызды элестетсеңиз. Андан көрө алдын алып, бир нече мүнөт бөлүп койгон алда канча оңой эмеспи.

Эшиктердин кулпусу

Баарынан да, кичинекей болгону менен автоунааны каалгасынын кулпусу маанилүү бөлүк. Темир тулпарыңыздын эшигин тырмалабай пульт менен ачып-жаап жүрсөңүз да аны майлап койгонду эстен чыгарбаңыз. Байкалбайт, бирок дөңгөлөктүн эпкини менен чаң, кум, кир заттар кулпунун кичинекей тешикчесине кире берет. Кургак тефлон, силикон же баткакты жугузбай турган майлар, ал тургай WD-40 деле жакшы коргоочу боло алат.
Киши унаасын кардан тазалап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Кышкысын автоунааны кантип бат жылытса болот? Адистин 6 кеңеши
Эшиктердин бүктөмөсү
Автоунаанын эшиктеринин бүктөмөсүн литол, атайын баткактарды жабыштырбай турган атайын май же дат басканга каршы каражаттар менен майлаган жакшы. Аны сыйпагандан кийин май андан ары сиңип, жайылыш үчүн эшиктерди бир нече ирет ачып-жаап туруш керек.

Бензин бактын оозу же май куйган жер

Кээ бир автоунаалардын ээлери үчүн бензобактын люгу баш оору. Алар датка анча туруштук бере албайт, жолго себилген реагенттер, ар кыл химиялар люк үчүн кооптуу нерселердин катарына кирет. Андыктан бензин куйганда эле ачып, жаап койбостон, капкактын бүктөмөсүн да майлап турууну унутпаңыз. Ага WD-40ты пайдалансаңыз болот. Канча көп кам көрсөңүз, баш ооруткан учуруңуз ошончолук аз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0