Ворух айылы. Архив

Кыргызстанга кирбей калган Ворух. Министрлик окуу китеби боюнча түшүндүрмө берди

564
(жаңыланган 13:46 23.11.2021)
3-класстын "Мекен таануу" китебинде Ворух Кыргызстандан өзүнчө бөлүнүп туруп калган. Министрлик мындай ката китептин негизинде жасалган жумушчу дептерде экенин айтты.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептериндеги карталарды текшерип чыгат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, жакында эле соцтармакка 3-класстын "Мекен таануу" китебинин сүрөтү жарыяланган. Китепте Кыргызстандын картасынын бир нече сүрөтү көрсөтүлүп, анда Ворух Кыргызстандан өзүнчө бөлүнүп туруп калган.

Министрлик бул окуу китеби эмес, жумушчу дептер экенин айтып, ал 2014-жылы Е.А. Бухова, О.В. Солошенко, Е.П. Шаповалова кирген топ тарабынан "Аркус басмасы" ЖЧКсы менен бирге иштелип чыкканын белгиледи. Ошол эле жылы бул окуу китебин Кыргыз билим берүү академиясы карап чыкканы, ага карата жумушчу дептер 2018-2019-жылдары иштелип чыкканы кошумчаланды. Маалым болгондой, "Аркус басмасы" ЖЧКсынын сүрөтчүсү жана дизайнери окуу китебинин текстин жасалгалоодо төмөнкү булактан алынган сүрөттү пайдаланган.

Министрлик 2020-жылы өлкөдө окуу-усулдук материалдардын сапатын жогорулатуу үчүн "Окуу китеби" республикалык илимий-практикалык борбору түзүлгөнүн айтып, эми алар жаңы окуу китептеринин мазмунун карап, ката кетсе түздөн-түз жоопкерчилик тарта турганын белгиледи.

"Окуу китептери эми экспертизанын төрт түрүнөн өткөрүлөт. Алар: илимий экспертиза, илимий-педагогикалык экспертиза, антидискриминациялык жана гендердик экспертиза. Бул үч экспертизадан өткөн соң окуу китептери практикалык-педагогикалык экспертизага (апробацияга) жөнөтүлөт. Булардын баарынан кийин авторлор бардык сунуштарды эске алуу менен аны кайрадан иштеп чыгышат", — деп айтылат маалыматта.

"Окуу китеби" борбору мурда басылып чыккан окуу китептеринин каталарын жоюу үчүн аларды кайра басып чыгарууда да экспертиза жүргүзөрү кошумчаланды. Азыркы тапта кетирилген кемчиликтерди жоюп, ага оңдоп-түзөө киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачы. Архив
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
Ворух картада Кыргызстандан өзүнчө бөлүнүп калган ката биринчи жолу кетирилип жаткан жок. Мындай окуя 20-ноябрда да катталган. Бул күнү Садыр Жапаров прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен "Ала-Арча" резиденциясында куттуктаган. Иш-чаранын сүрөттөрү социалдык тармакка жүктөлгөн соң президенттин атындагы фонддо Кыргызстандын картасы туура эмес экени, Ворух анклавы Тажикстандын аймагы менен биригип калганын көрүүгө болот. Бул социалдык тармактарда нааразычылык жаратып, кийин сүрөттөр өчүрүлгөн.

Ушул жылдын март айында Кыргызстандын УКМК жетекчиси жана чек ара маселелери боюнча өкмөттүк делегациянын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда Кыргызстан Тажикстанга Ворух анклавын Баткендин башка жерлерине (12 миң гектар) алмашууну сунуштаганын билдирген. Бирок Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мындай сунуштан баш тарткан.

Бир айдан кийин чек арада куралдуу кагылышуу болуп, эки тараптан тең ондогон кишилер көз жумган. Андан соң тараптар сүйлөшүү жүргүзүп, Ходжаи Аъло — Ворух жолун биргеликте курмай болушкан. Бирок Ташиев Ворух анклавына эч кандай коридор берилбегенин айтып чыккан.

564
Белгилер:
китеп, ката, Ворух анклавы, билим берүү, текшерүү, түшүндүрмө
Тема боюнча
Ворухтун Тажикстанга кошулган картасы “Ала-Арчада” кантип пайда болду? Расмий жооп
Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары Душанбеде жолукту. Эмне сөз болду
Дарыгер COVID-19га каршы вакцина даярдап жатат. Архив

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү "омикрон" штаммы тууралуу эмне белгилүү экенин айтты

13
(жаңыланган 18:05 30.11.2021)
Коронавирустун "омикрон" жаңы штаммынын 32ден ашык мутациясы бар. ДССУ өкүлү алардын айрымдары кооптонуу жаратарын айтты.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Коронавирустун "омикрон" жаңы штаммы учурда толук изилденип бүтө элек. Бирок ал иммунитети бар адамдарга дагы жуга турганы белгилүү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда өткөн "Дүйнөгө коркунуч жараткан штамм-супермутанттан Кыргызстан кантип коргонот" аталышындагы брифингге катышты.

Эсенгуловдун айтымында, ДССУ жаңы штамм тууралуу 24-ноябрда Түштүк Африка өкмөтү инфекция табылганын кабарлагандан кийин билген.

Сотрудник офиса Всемирной организации здравоохранения по чрезвычайным ситуациям в Кыргызстане Акбар Эсенгулов на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов
"Бул штаммдын мутациялары көп, 26дан 32ге чейин жетет. Алардын айрымдары тынчсызданууну жаратат. Штамм канчалык оор ооруну пайда кылары жана мурунку инфекцияларга салыштырмалуу канчалык жугуштуу экени азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мурда иммунизацияланган адамдарда да кайра инфекцияны козгоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондуктан биз өлкөлөрдү бул коркунучка карата даярданууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө чакырабыз", — деген Эсенгулов.

Анын айтымында, коргонуу боюнча калкка мурдагыдай эле сунуштар айтылат:

  • Колду самындап жуу;
  • Социалдык аралыкты сактоо;
  • Эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу.

Эске салсак, министрлер кабинети Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен COVID инфекциясынын "омикрон" жаңы штаммынын пайда болушу боюнча чукул кеңеш өткөргөн. ДССУ аны кооптуу штаммдардын катарына киргизген. Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтерине вирустун жаңы мутациясынын Кыргызстанда жайылышын алдын алуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

13
Белгилер:
Кыргызстан, 'омикрон' штаммы, жаңы штамм, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды
Жугуштуу илдеттер ооруканасы COVID жуктургандарды кайра кабыл алмай болду
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат
Митингчилер. Архив

Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты

128
(жаңыланган 16:49 30.11.2021)
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Жумабеков атаандашы Назарбековдон 125 добуш айырма менен алдыда баратат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районунда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон адамдар митингге чыкты.

Алар Кызыл-Адыр айылына чогулуп, №20 Манас шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Дастан Жумабековдун утуп чыгышына каршылыгын билдиришүүдө. Топтолгондор Жумабековду добуш сатып алууга күнөөлөп жатышат. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышты.

Чогулгандар ушул эле округдан талапкерлигин койгон Мирлан Назарбековдун тарапташтары.

№20 Манас шайлоо округунда учурда бюллетендердин 96,41 пайызы кол менен эсептелип бүттү. Анда Жумабеков 13 171 добушка ээ болуп алдыда баратат. Ал эми Назарбеков элдин 13 046 добушу менен экинчи орунда турат.

128
Белгилер:
Дастанбек Жумабеков, Талас облусу, митинг, каршылык, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Видео