Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргызстанда учак билети бир топ арзандады. Авиация агенттигинин маалыматы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчү. Архив
Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Жарандык авиация агенттигинин башчысынын айтымында, айрым багыттар боюнча билеттер пандемияга чейинки баадан да арзан сатылууда.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда авиабилеттер бир топ арзандаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдирди.
© Sputnik / Жоомарт УраимовТранспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев
Директор Агентства гражданской авиации при Министерстве транспорта и дорог Александр Настаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев
"Билеттер августтан бери арзандап келе жатат. Авиакомпанияларга, анын ичинде россиялык компанияларга карата жүргүзгөн саясатыбыз жана ишибиз бааны түшүрүүгө жардам берди. Мисалы, Россияга жазында 60 миң сом менен учуп барышса, азыр билеттин баасы бир топ эле түштү. Айрым багыттар боюнча билеттер пандемияга чейинки баадан да арзан сатылууда", — деди Настаев.
Ал билет баасы боюнча маселе Жарандык авиация агенттигинин көзөмөлүндө турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жазында Россия менен Казакстандын шаарларына билеттер кескин кымбаттап кеткен. Бийлик бул маселени көзөмөлгө алган. Туруктуу каттамдардын көбөйүшү менен билеттин наркы төмөндөдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0