Жапаров Шевченконун энесине шырдак, машыктыруучусуна жаа берген. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров UFC чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушуу учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров UFC чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Өлкө башчы кечээ UFC чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алып, 1 миллион сомдук сертификат тапшырган. Жолугушууда спортчунун апасы менен машыктыруучусуна да белек тапшырылганы белгилүү болду. 
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров UFC чемпиону Валентина Шевченконун энеси Елена Шевченкого шырдак, ал эми машыктыруучусу Павел Федотовго жаа белекке берди. Бул тууралуу спортчунун апасы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады. 
Кыргызстандын Тайбокс федерациясынын президенти Елена Шевченко "Сонун белек үчүн ыраазычылык" деп өлкө башчынын аккаунтун белгилеген. 
Кийинки сүрөттөн машыктыруучу Павел Федотов менен Садыр Жапаров жаанын жебесин кармап түшкөнүн көрүүгө болот. 
Кечээ президент Садыр Жапаров мекенине келген UFC чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алып, 1 миллион сомдук сертификат тапшырган. Машыктыруучусу Павел Федотов менен апасы Елена Шевченкого эстеликке белектер тапшырылганы эле айтылган. 
Ал эми Валентина Шевченко Жапаровго кепка, футболка, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында Лас-Вегастагы UFC 266 беттешинде чемпиондук наамын 6-жолу коргогон өзүнүн мушкерлик мээлейин белек кылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0