16 миң сомго чейин. Кыргызстанда курал тапшыргандарга сый акы берилет

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүКуралдар. Архив
Куралдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
ИИМ жарандарга мыйзамсыз сакталып жаткан куралдарды, ок-дарыларды өз каалоосу менен тапшырууга чакырат. Бул үчүн акчалай сыйлык да каралган.
БИШКЕК, 23-ноя. – Sputnik. Милиция кызматкерлери республика боюнча "Арсенал" деп аталган профилактикалык рейд жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Иш-чара мыйзамсыз жүгүртүүдөгү жана туура эмес шартта сакталып жаткан куралдарды жана ок-дарыларды аныктоого багытталган.
"ИИМ жарандарга мыйзамсыз сакталып жаткан куралдарды, ок-дарыларды өз каалоосу менен тапшырууга чакырат. Бул үчүн акчалай сыйлык да каралган. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси боюнча курал-жаракты мыйзамсыз жүгүрткөндөргө 60 миң сомдон өйдө айып салынып же 2 жылдан 6 жылга чейин камакка алуу чечими кабыл алынышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Куралды өз каалоосу менен тапшыргандарга төмөнкүдөй сый акы берилет:
  • Автоматтык гранатомёттор, анын ичине чет өлкөдөн чыккандары да кирет, түнкү мээлөөсү менен жана снаряды жок колго жасалгандар — 16 000 сом;
  • Пулемёттор (анын ичине чет өлкөдөн чыккандары да кирет) жана түнкү мээлөөсү барлар — 16 000 сом;
  • АК, АКМ, АКМС, АК-74, АКС-74, АКС-74у тибиндеги автоматтар жана алардын аналогдору, чет өлкөдөн чыккан жана түнкү мээлөөсү барлар дагы кирет — 9 600 сом;
  • СВД, СВДС, СВДН снайперлери жана анын үлгүлөрү — 9 600 сом;
  • Аңчылыкка ылайыкталган карабин — 6 400 сом;
  • Сайлуу мылтык — 3 200 сом;
  • Колго жасалган ок атуучу курал — 1 600 сом;
  • Армияда колдонулчу жардыруучу каражаттар (тротил, гексоген жана башкалар) — 100 граммы 1 600 сом;
  • Өндүрүш багытындагы жардыруучу каражаттар (амонит, угленит жана анын аналогдору) — 100 граммы 840 сом;
  • Колго жасалган граната — 3200 сом;
  • Сапёрдук мина жана инженердик атайын багыттагы курал-жарактар — 3200 сом;
  • 5,45, 7,62 калибрдеги октор, аңчылык үчүн 7,62 калибрдеги октор — бир даанасы 10 сом;
  • Сайлуу мылтыктын октору — 1 даанасы 6 сом;
  • Өзүңдү коргоо үчүн курал, травматикалык курал октору менен, көздөн жаш агызуучу курал — 3 200 сом;
  • Тапанча жана револьвер — 6 400 сом;
  • Ок-дары — 100 граммы 100 сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0