Чүй милициясы беш күндөн бери изделип жаткан эки кызды тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Дайынсыз болуп жаткан кыздарды милиция кызматкерлери Бишкек шаарынан таап, ата-энелеринин колуна тапшырган.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Чүй облусунда беш күндөн бери изделип жаткан 15 жаштардагы Айсезим Замирбек кызы менен Зыйнат Иманказы кызы табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Сокулук райондук милициясынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыздар Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын биринен табылып, ата-энелеринин колуна тапшырылды.
Буга чейин курбу кыздар ушул жылдын 14-ноябрь күнү Военно-Антоновка айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайта электиги айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0