Бишкекте 10 айда алты тонна эт жок кылынды. Себеби

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЭт сатып алып жаткан аял. Архив
Эт сатып алып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Санитардык жана ветеринардык талаптарга жооп бербеген мал эти майдалатылып, хлор себилет. Этте эхинококкоз сыяктуу оору жок экенин аныктоо үчүн атайын лабораториялар иштейт.
БИШКЕК, 23-ноя. – Sputnik. Бишкекте 10 айдын ичинде дээрлик алты тоннага жакын эт жок кылынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкектин базарларында сатылган азыктардын сапатын көзөмөлдөө үчүн ветеринардык-санитардык лабораториялар иштейт. 10 айдын ичинде малдын этине экспертиза жана лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
"Ветеринардык жана санитардык нормаларга жооп бербеген 3606,7 килограмм уйдун эти, 1241,7 килограмм койдун эти, 544,6 килограмм чочконун жана 594,8 килограмм жылкынын эти утилизацияланды", — деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн инспектору Шамен Сыдыковдун айтымында, этти текшергенде оору (эхинококкоз, фациолоз жана дикроцеллез — ички органдарды жабыркатат) табылса, эт ошол замат утилизацияга жөнөтүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0