Бишкек хореографиялык окуу жайы жетекчи издөөдө. Талаптары

© Sputnik / Табылды КадырбековЧолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын тарбиялануучулары. Архив
Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын тарбиялануучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Талапкерлердин маданият жана искусство багыты боюнча жогорку кесиптик билими жана беш жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу шарт.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору кызматына документтер кабыл алынууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, талапкерлердин маданият жана искусство багыты боюнча жогорку кесиптик билими болушу шарт, ошондой эле педагогикалык же жетекчилик кызмат орундарында беш жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек.
Документтер 1-декабрь күнү саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Керектелүүчү документтер:
  • жеке арызы;
  • 3х4 сүрөтү бар жеке эсепке алуу баракчасы;
  • резюме;
  • автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • билими, квалификациясын жогорулатуу, илимий даражаны, илимий наамды ыйгаруу жөнүндө дипломдун көчүрмөлөрү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдун көчүрмөлөрү нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча кадрлар бөлүмүндө күбөлөндүрүлүшү керек);
  • паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
  • документтер милдеттүү түрдө тиркелүүгө тийиш.
Кошумча суроолор боюнча 0312 623 639 номерине чалууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0