Капустаны кимдер таптакыр жебеши керек? Дарыгердин кеңеши

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүКапуста. Архив
Капуста. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Аталган азык айрым адамдардын ичин көптүрүп, оорусун ого бетер күчөтүп жибериши ыктымал экендиги айтылды.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Эндокринолог жана диетолог Татьяна Бочарова РИА Новостиге ким капустаны аз жеши керектигин жана кандай оорусу барларга бул жашылча таптакыр болбой турганын түшүндүрүп берген.
Дарыгердин айтымында, биринчи кезекте бул эскертүү ичегиси ооругандарга тиешелүү. Себеби капустадагы клетчатка ичти көптүрүп, ооруну күчөтүп жибериши ыктымал.
"Ичеги-карынына операция жасатып, организмин калыбына келтирип жаткандар бул жашылчаны жебей коё турганы оң. Ошондой эле эки жашка чейинки балдарга да сунушталбайт", — деген адис.
Эндокринолог капуста панкреатити барларга да болбой турганын эскерткен. Өзгөчө мындай диагноз коюлган адамдар капустаны чийки бойдон жебеш керек. Адис кайнатып же бууга бышырып колдонсо болорун айтып, бирок күнүнө 100 граммдан ашырбоо керектигин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0