10 сомдук купюра өзүнөн 830 эсе кымбат сатылууда. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча жана калькулятор. Архив
Акча жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Аукционго коюлган кыргыз банкнотасы BH 0000000 сериясына тиешелүү. Улуттук банк жети нөлдөн турган купюра төлөө каражатына кирбей турганын айткан.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россиянын "Мешок" интернет-аукционуна 1997-жылы чыгарылган 10 сомдук купюра коюлду.
Анын баштапкы баасы — 6,3 миң рубль (8,3 миң сомдон өйдө).
Бул банкнота BH 0000000 сериясына тиешелүү. Sputnik агенттигине Улуттук банктан билдиргендей, серия номери жети нөлдөн турган купюра "Үлгү" деген мөөрү болбосо дагы төлөө каражатына кирбейт.
Аукциондо өзүнөн 400 эсе кымбат эски кыргыз банкнотасы дагы сатылууда. Бирок ал аукционго башка себеп менен коюлганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0