Кыргызстадын жаранынын паспорту. Архив

Баткенде жарандыкка каттоо үчүн документтер жеңилдетилген шартта кабыл алынууда

135
(жаңыланган 11:43 24.11.2021)
Кыргызстандын жарандыгын алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибинен этникалык кыргыздар жана өлкөнүн жарандыгы жок кыргыз улутундагы адамдар пайдалана алышат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Баткен облусунда 23-ноябрдан тарта жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгына каттоо үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Документтерди кабыл алуу пункту Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун имаратында ачылган. Бир күндүн ичинде аталган жайга 100дөн ашык адам кайрылганы айтылды. Аларга кеңеш берилип, жеке идентификациялык номерлер, жарандыкка каттоо үчүн тийиштүү документтер берилген.

Президенттин жарлыгына ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги июль айынан бери этникалык кыргыздар жана Кыргызстандын жарандыгы жок кыргыз улутундагы адамдар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте иш кагаздарын жүргүзүүдө. Бул боюнча документтерди кабыл алуу пункту ошол айларда биринчилерден болуп Бишкек шаарында ачылган.

Үч айда 483 кайрылуу түшкөн. Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссия 83 материалды карап жатат, 31 этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алган.

135
Белгилер:
Кыргызстан, жарандык, Документтер, кабыл алуу, Баткен облусу
Тема боюнча
1 207 киши Кыргызстандын жарандыгын алды. Көбү этникалык кыргыздар
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив

Акылбек Жапаров үй-бүлөсү менен батирде жашап, 7 унаа айдайт. Декларация

115
(жаңыланган 16:08 06.12.2021)
Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр 815 357 миң сом киреше тапкан. Бул туурасында анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлөт.

Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.

Ал эми жакын туугандары өткөн жылы 96 миллион 745 миң 719 сом пайда тапкан. Алар беш контейнер жана жети автоунаага ээлик кылат.

Контейнерлери жана аянты:

  • Контейнер — 22,7 чарчы метр;
  • Контейнер — 1026,6;
  • Контейнер — 192;
  • Контейнер — 1021,7;
  • Контейнер — 67,6.

Автоунаалары:

  • Mercedes-Benz 210;
  • Mercedes-Benz 410;
  • Mercedes-Benz 409;
  • Mercedes-Benz 208;
  • Mercedes-Benz 811;
  • Mercedes-Benz 7100;
  • Mercedes-Benz 308.
115
Белгилер:
Акылбек Жапаров, декларация, автоунаа, контейнер
Тема боюнча
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды
Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт
Киши сом купюралары менен. Архив

Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт

34
(жаңыланган 15:40 06.12.2021)
Буга чейин тамак-аш үчүн күнүнө бир адамга 110 сом каралса, жаңы жылдан кийин ал 220 сомго көтөрүлөт.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактануу чыгымдарынын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындан ары жетим балдар үйү, карылар үйү жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана адамдар баш калкалаган жайларда тамактанууга бюджеттен эки эсе көп каражат бөлүнөт. Тагыраак айтканда, буга чейин күнүнө бир адамга 110 сом каралса, эми ал 220 сомго көтөрүлөт. Муну менен катар министрлер кабинетине бир топ талаптар коюлду.

2022-жылдын 1-январынан баштап тамактануунун акчалай ченеми 100 пайызга көбөйтүлө турган жайлардагы жарандар:

  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мекемелериндеги балдардын, улгайган жарандардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын;
  • Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелериндеги жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин адистештирилген реабилитациялоо борборлорундагы (балдар үйлөрүндөгү) балдардын;
  • Ушул жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын тапсын жана бөлүп берсин;
  • Өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.

Эске салсак, мамлекет башчы ишемби күнү Беловодск айылындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барганда бул боюнча тийиштүү тапшырманы берген.

34
Белгилер:
Садыр Жапаров, тамак-аш, мекеме, көтөрүү
Тема боюнча
Садыр Жапаров: дыйкан менен фермерлер жер салыгынан бошотулат
Кыргызстандагы эң көп пенсия 179 миң сом экени маалым болду
Уялам. Соцфонддун башчысы Кыргызстандагы пенсия тууралуу оюн айтты