Троллейбустан чыгып жаткан адам. Архив

Бишкекте троллейбус, автобустар кышкы графикке өттү. Каттамдар

2000
(жаңыланган 16:46 24.11.2021)
Троллейбус, автобустарды каттамга үзгүлтүксүз чыгарып турууну камсыз кылган техникалык түзүмдүн иши күчөтүлгөнү айтылды.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте кышка карата автобус менен троллейбустардын иш графиги узартылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, эми муниципалдык коомдук транспорт 22:00гө чейин иштейт. Күн жылууда алар 21:00гө чейин каттачу.

"Аба ырайы өзгөргөндүгүнө байланыштуу автоунаа көп жүргөн маалда (17:00дөн 19:00гө чейин) муниципалдык коомдук транспортту чыгаруу үчүн бардык аракет көрүлөт. Троллейбус, автобустарды каттамга үзгүлтүксүз чыгарып турууну камсыз кылган техникалык түзүмдүн иши күчөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Автобустардын жүгүртмөсү менен маршруттары:

  • № 6 — каттамга 11 автобус чыгып, алар Ала-Тоо жаңы конушунан Туңгуч кичи районуна чейин жүрөт;
  • № 7т— каттамга 12 автобус чыгып, алар Аламүдүн-1 кичи районунан Дачага чейин жүрөт;
  • № 8 — каттамга 3 автобус чыгып, алар Төмөнкү Ороктон "Ош" базарына чейин барат;
  • № 9 — каттамга үч автобус чыгып, алар 9-кичи райондон Тынчтык жаңы конушуна чейин жүрөт;
  • № 18 — каттамга 9 автобус чыгып, алар Маевка айылынан Кызыл-Туу айылына чейин барат;
  • № 36 — каттамга 14 автобус чыгып, алар Ак-Ордо жаңы конушунан Өскөн-Ордо жаңы конушуна чейин жүрөт;
  • № 38 — каттамга 10 автобус чыгып, алар 110-кварталдан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин барат;
  • № 42 — каттамга 14 автобус чыгып, алар 12-кичи райондон Ала-Тоо жаңы конушуна чейин барат;
  • № 48 — каттамга 3 автобус чыгып, алар Темир жол бекетинен Чыгыш автобекетине чейин барат.

Троллейбустардын жүгүртмөсү менен маршруттары:

  • № 2 — каттамга 12 троллейбус чыгып, Эт комбинатынан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин барат;
  • № 4 — каттамга 13 троллейбус чыгып, Эт комбинатынан Булгаары заводу районуна чейин барат;
  • № 5 — каттамга 15 троллейбус чыгып, Туңгуч кичи районунан Жалга чейин барат;
  • №6 — каттамга 10 троллейбус чыгып, 8-кичи райондон Батыш автобекетине чейин барат;
  • № 7 — каттамга 11 троллейбус чыгып, "Ош" базарынан Туңгуч кичи районуна чейин барат;
  • № 8 — каттамга 13 троллейбус чыгып, Чыгыш автобекетинен Жер иштетүү институтуна чейин барат;
  • № 9 — каттамга төрт троллейбус чыгып, Жер иштетүү институтунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин жүрөт;
  • № 10 — каттамга 13 троллейбус чыгып, Фрунзе заводунан Асанбай кичи районуна чейин жүрөт;
  • № 11 — каттамга 14 троллейбус чыгып, Асанбай кичи районунан Чыгыш автобекетине чейин жүрөт;
  • № 14 — каттамга 13 троллейбус чыгып, Жал кичи районунан Киркомстромго чейин жүрөт;
  • № 17 — каттамга 13 троллейбус чыгып, Булгаары заводунан Асанбай кичи районуна чейин жүрөт.

Мэриянын маалымат кызматы борбордук көчөлөрдө автоунаа көп болгондуктан тыгын жаралып, коомдук транспорттун аралыгы созулуп кетип жатканын белгилеген.

2000
Белгилер:
Бишкек, Бишкек мэриясы, автобус, троллейбус, Расписание, маршрутка
Тема боюнча
Бишкекке жаңы автобустар алып келинип, каттамдар көбөйөт
Бишкектин 23 жерине жол чырак коюлду. Даректери
Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы экологиялык кеңештин катчысы Адил Назаров

Бишкекти каптаган ыштын негизги себеби айтылды

6
Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы экологиялык кеңештин катчысы Адил Назаров борбор калааны каптаган ыштын себептерин айтып берди.

Борбор калааны каптаган ыштын башкы себеби — Кара-Кеченин көмүрү. Мындай пикирин Адил Назаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бишкекти каптаган ыштын негизги себеби айтылды

Анын айтымында, Кара-Кеченин көмүрүндө нымдуулук ашыкча болуп, калдыгы көп, ошондой эле табы көп жок.

"Мэриянын алдындагы экологиялык кеңештин түзүлгөнүнө бир жыл болду. Ага көз карандысыз экологдор, эксперттер кирген. Буга чейин мамлекеттик органдар калааны каптаган ыштын так себебин айтпай келишти. Ошондуктан экологиялык кеңеш тарабынан шаардын аймагына атмосферанын тазалыгын аныктаган 50 аппарат орнотулду. Натыйжада абанын булганышынын негизги себеби — көмүрдүн түтүнү экени аныкталды. Буга чейин мындай көйгөй болгон эмес. Себеби Бишкек ЖЭБ Карагандадан алып келинген сапаттуу көмүрдү колдонгон. Кийин жергиликтүү көмүрдү колдонуу ниети менен ЖЭБ модернизациядан өткөрүлгөн. ТЭЦ жылына 1 миллион 600 миң тонна көмүр жагат. Мындан тышкары, 47 жаңы конуштун тургундары тарабынан 200 миң тонна көмүр колдонулат. Ошол түтүн шаарды каптоодо. Мындан улам ЖЭБди газга өткөрүү сунушу да айтылып келет. Бирок газ Россиядан дүйнөлүк баадан төмөн алып келинип жатканы менен көмүргө салыштырмалуу кымбат болуп калат. Ошондуктан борбор калаага сапаттуу көмүр алып келүүнү карап чыгуу зарыл. Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБин мэриянын алдына өткөрүү сунуштары айтылууда. Ошондо көмүрдүн сапатын муниципалитет көзөмөл кылмак", — деди Назаров.

Ал автоунаалардан чыккан газ дагы шаарды каптаган түтүндүн себептеринин бири экенин кошумчалады.

6
Белгилер:
ыш, көмүр, экология, Адил Назаров
Тема боюнча
Азыр Бишкектин абасы кандай жана булгануунун деңгээлин кайдан билсе болот
COVID-19га каршы вакцина менен иштеген лаборант. Архив

Вирусолог: "омикрон" COVID-19га каршы тирүүлөй вакцина болуп берет

37
(жаңыланган 10:30 07.12.2021)
Адис "омикрон" башка штаммдарды сүрүп чыгара алар-албасы азырынча белгисиз экенин айтып, ошол эле учурда адам баласы локдаундар тууралуу унутса болорун кошумчалады.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. "Омикрон" штаммы коронавируска каршы тирүүлөй вакцина болуп бериши мүмкүн. Мындай пикирин Россиянын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, вирусолог, профессор Петр Чумаков маегинде айтканын URA.RU жазды.

"Жаратылыш коронавируска каршы тирүүлөй вакцина берди деген оптимисттик прогноздор болуп жатат. Тагыраак айтканда, бул штаммды жуктуруп, сакайган кишилер COVID-19дун башка штаммдарына туруштук берет", — деди адис.

Ошондой эле Чумаков "омикрон" башка штаммдарды сүрүп чыгара алар-албасы азырынча белгисиз экенин айтып, ошол эле учурда адам баласы локдаундар тууралуу унутса болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат. Ошол эле учурда россиялык окумуштуулар бул штамм башкаларынан алсыз экенин айтып, пандемияны жыйынтыктоочу варианты болуп каларын дагы божомолдоп жатат.

37
Белгилер:
'омикрон' штаммы, коронавирус, жаңы штамм, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммы өлүмгө кептебейби? ДССУ маалымат берди
Коронавирус 63 кишиден табылып, эки бейтап каза тапты. Жаңы статистика
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров

Мамбеткадыров: коррупция менен күрөшүү концепциясы ачык жазылды

0
(жаңыланган 10:59 07.12.2021)
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров 2021-2024-жылдар аралыгында коррупция менен күрөшүү боюнча жаңы стратегияда элдин аң-сезимине таасир этүүгө көңүл буруларын айтты.

Коррупция менен күрөшүү боюнча бир топ стратегия иштелип чыгып, документтер кабыл алынган. Бирок биз иштеп чыккан концепциянын алардан айырмасы — республикалык масштабда жана бардык тармактарды өзүнө камтыйт. Бул тууралуу Айдар Мамбеткадыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Мамбеткадыров: коррупция менен күрөшүү концепциясы ачык жазылды

Анын айтымында, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин 39 мүчөсү бар, ага президент Садыр Жапаров төрагалык кылат.

"Коррупцияны жоюу боюнча президенттин алдында түзүлгөн кеңеш 2021-2024-жылдар аралыгында аталган багытта иш алып баруу үчүн стратегия иштеп чыкты. Анын мурдагы документтерден айырмасы — бардык тармактарды камтыйт жана иш республикалык деңгээлде жүргүзүлөт. Аталган кеңештин 39 мүчөсү бар. Көпчүлүк эмнеге мынча көп адамдан турат деп суроо узатып жатышты. Анткени бул жакка бизнес өкүлдөрү, коомдук уюмдардан да кишилер тартылган. Ошондой эле стратегияны жазып чыгуу иштери ачык өткөрүлүп, каалоочулар өз сунуш-пикирлерин билдирип жатышты. Концепциянын дагы бир өзгөчөлүгү коррупциялык иштердин алдын алуу, жоопко тартуу эле эмес, элдин аң-сезимине таасир берүүгө басым жасоо да каралган. Ал эми бул кадамдар кандай тартипте ишке ашары боюнча методдору иштелип чыгууда", — деди Мамбеткадыров.

Ал аталган стратегия күнүмдүк коррупциялык элементтерден тарта аткаминерлер арасындагы ири коррупциялык иштерди да болтурбоо аракетин көрөрүн кошумчалады.

0
Белгилер:
Айдар Мамбеткадыров, коррупция, стратегия, документ
Тема боюнча
Эксперт: коррупция менен күрөшүү боюнча ЕАЭБде бирдиктүү долбоор керек