Өкмөт коррупцияны ачыктаган адамга 1 млн. сомго чейин сый акы берүүнү чечти

© Sputnik / Табылды КадырбековМиң сомдук купюралары. Архив
Миң сомдук купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Жемкордук ишинен мамлекетке өндүрүлгөн каражаттын суммасынын 10 пайызы ал тууралуу кабарлаган жаранга чегерилет.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда коррупциялык иштер тууралуу кабарлаган адамга бир миллион сомго чейин сый акы берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт коррупция тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекиткени белгилүү болду. Атап айтканда, жемкордук ишинен мамлекетке өндүрүлгөн каражаттын суммасынын 10 пайызы ал тууралуу кабарлаган адамга берилет. Бирок ал сумма бир миллион сомдон көп болбошу керек деген талап коюлган.
Сый акы төмөнкү учурларда төлөнөт:
  • Комиссиянын чечими менен ырасталган коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат тийиштүү адам тарабынан берилгенде;
  • Мыйзамдуу күчүнө кирген, акыркы болуп саналган жана даттанууга жатпаган соттук актысы бар болсо;
  • Коррупциялык укук бузуу менен мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулганда;
  • Эгерде коррупция тууралуу билдирген адамдын маалыматынын негизинде бир нече кылмыш аныкталса, сый акы зыяндын орду эң көп өлчөмдө толтурулган кылмышка карата төлөнөт. Аны жети адамдан кем эмес санда түзүлгөн комиссия аныктайт.
Сый акы берүүнүн тартиби боюнча токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Ал расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0