Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПаркта сейилдеп жүргөн кыз
Паркта сейилдеп жүргөн кыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
25-ноябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Талас, Жалал-Абаддын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында +14...+19, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +5...+10 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ош калаасында +17...+19 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0