Күн кайра ачылабы? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Эркиндик бульварында коляскасы менен аял
Бишкектеги Эркиндик бульварында коляскасы менен аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Апта аягы жуманын башына салыштырмалуу суугураак болору айтылды. 27-ноябрда түнкүсүн көп жерде кар жаашы күтүлүүдө.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет ушул аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, апта этегинде айрым жерлерге кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы салыштырмалуу төмөн болору божомолдонду. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, бирок абанын температурасы төмөндөп 3...5 градусту көрсөтөт.

Чүй, Талас облустары

27-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 27-ноябрь күндүз жана 28-ноябрда жаан, кар жаабай турганы айтылды. Абанын температурасы күндүз 0...5 градуска чейин муздаса, түнкүсүн -2…-7 градуска чейин суук болушу ыктымал.
Бишкек шаарынын дрондон көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Азыр Бишкектин абасы кандай жана булгануунун деңгээлин кайдан билсе болот
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Өлкөнүн түштүк аймактарында 27-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Күндүз жана 28-ноябрда күн ачылат. Абанын температурасы 12 градуска чейин жылуу болору божомолдонду.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын менен Ысык-Көлдө дагы ишемби күнү кар жаашы мүмкүн. 28-ноябрда жаан, кар жаабайт. Күндүз абанын температурасы -1…-6 градуска чейин жетип, суук болушу күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0