Дарыгер сабизди кимдер жесе болбой турганын айтты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү сабиз. Архив
Дүкөндөгү сабиз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Адис ички органдар сабиздеги каротинди сиңире албай кыйнала турганын айтты. Бул боору, ичеги-карын, ашказанында оорусу барларга тиешелүү.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кайсы ооруларда сабиз жегенге болбой турганын дарыгер-диетолог Ольга Кораблева РИА Новостиге айтып берди.
Адистин айтымында, бул жашылча териге, жүрөк-кан тамыр системасына пайдалуу, арыктоого жардам берет. Бирок боору ооругандар абайлашы керек.
"Эгер боор начар болсо, ал каротинди сиңире албай кыйналат. Ошондой эле ашказан жарасы барлар, ичеги-карыны ооругандар, энтерит менен жабыркагандар, башкача айтканда, жоон ичегиси сезгенгендерге да сабиз болбойт", — деди Кораблева.
Ал сабизди сатып алып жатканда сырткы көрүнүшүнө да маани берүү керектигин айткан. Адатта жумшак жана жарака кеткен сабиздердин ичи бузулуп кеткен болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0