COVID: 70 адам ооруп, экөө каза тапты. 25-ноябрдын маалыматы

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада
Медициналык кызматкерлер ооруканада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Кечээтен бери оору эки адамдын өмүрүн алган. Анын бирөө Бишкек шаарында, бирөө Талас облусунда көз жумду.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 70 адамдан коронавирус табылып, 67 киши айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 23;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 3.
Кыз реабилитациялоо катары ваннаны алып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Адис: COVID-19 гипертония илдетин пайда кылып, кан тамырларды иштен чыгарууда
Жалпысынан өлкөдө коронавирус илештиргендердин саны 183 066га жетти. Анын ичинен 177 760 киши дартты жеңген.
Өлүм учурлары дагы эле катталууда. Кечээтен бери оору эки адамдын өмүрүн алган. Анын бирөө Бишкек шаарында, бирөө Талас облусунда көз жумган. Пандемия башталгандан бери илдеттен 2 734 адам каза тапты.
Бүгүнкү күндө республика боюнча ооруканада 457 бейтап болсо, 579 адам амбулатордук шартта дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0