Ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун саптык кароосу

Бишкекте шайлоо алдында ИИМ кызматкерлеринин саптык кароосу өткөрүлдү. Сүрөт

68
(жаңыланган 10:53 25.11.2021)
Шайлоо күнү добуш берүү тилкелерине 11 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат. Алар 25-ноябрдан 29-ноябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөмөкчү.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын эски аянтында ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун саптык кароосу өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, башкармалыктардын, кызматтардын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышкан.

  • Состоялся развод-инструктаж органов внутренних дел Бишкекского гарнизона на Старой площади Бишкека, в преддверии выборов ЖК. 25 ноября 2021 года
    Бишкек шаарынын эски аянтында ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун саптык кароосу өткөрүлдү
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Состоялся развод-инструктаж органов внутренних дел Бишкекского гарнизона на Старой площади Бишкека, в преддверии выборов ЖК. 25 ноября 2021 года
    Иш-чарага ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, башкармалыктардын, кызматтардын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышкан
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Состоялся развод-инструктаж органов внутренних дел Бишкекского гарнизона на Старой площади Бишкека, в преддверии выборов ЖК. 25 ноября 2021 года
    Саптык кароого ИИМдин бардык түзүмдүк бөлүктөрү: атайын багыттагы полктун, ЖКККББнын, Күзөт кызматынын кызматкерлери, ИИМ академиясынын курсанттары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББинин, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жана Ички аскерлеринин аскер кызматчылары тартылган
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Состоялся развод-инструктаж органов внутренних дел Бишкекского гарнизона на Старой площади Бишкека, в преддверии выборов ЖК. 25 ноября 2021 года
    Урмамбетов милиция кызматкерлерине коомдук коопсуздукту камсыздоодо өз милдеттерин так аткарып, ар бир тартип бузуу фактысын ыкчам карап, мыйзамдарды жана тартипти бузууга жол бербей, адам укуктарын жана эркиндигин коргоо керектигин эске салган
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Состоялся развод-инструктаж органов внутренних дел Бишкекского гарнизона на Старой площади Бишкека, в преддверии выборов ЖК. 25 ноября 2021 года
    Шайлоо күнү добуш берүү тилкелерине 11 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат. Алар 25-ноябрдан 29-ноябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөмөкчү
    © Фото / пресс-служба МВД КР
1 / 5
© Фото / пресс-служба МВД КР
Бишкек шаарынын эски аянтында ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун саптык кароосу өткөрүлдү

Саптык кароого ИИМдин бардык түзүмдүк бөлүктөрү: атайын багыттагы полктун, ЖКККББнын, Күзөт кызматынын кызматкерлери, ИИМ академиясынын курсанттары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББинин, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жана Ички аскерлеринин аскер кызматчылары тартылган.

"Гарнизондук саптык кароонун негизги максаты — мамлекеттик масштабдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого өздүк курамдын кызмат өтөөсүнүн даярдыгын текшерүү. Өздүк курамга шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча нускамалар берилип, укуктары жана милдеттери айтылды", — деп жазылган маалыматта.

Урмамбетов милиция кызматкерлерине коомдук коопсуздукту камсыздоодо өз милдеттерин так аткарып, ар бир тартип бузуу фактысын ыкчам карап, мыйзамдарды жана тартипти бузууга жол бербей, адам укуктарын жана эркиндигин коргоо керектигин эске салган.

Шайлоо күнү добуш берүү тилкелерине 11 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат. Алар 25-ноябрдан 29-ноябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөмөкчү.

Милиция кызматкерлерине шайлоо комиссияларынын коопсуздугун камсыздап, бюллетендерди шайлоо тилкелерине коштоп жеткирүү, шайлоо жабдыктарынын жана иш кагаздарынын сакталышын көзөмөлдөө милдети жүктөлгөнү да белгиленди.

68
Белгилер:
Бишкек, ИИМ, кароо, кызматкер, шайлоо
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (108)
Тема боюнча
Диплом чырынан улам БШК Рыскелди Момбековду жарыштан четтетти
Шайлоого көз салчу КМШ депутаттарын өзбекстандык парламентарий жетектеп келет
Шаршенбек Абдыкеримов шайлоодон четтеп, УОК жана федерация башчылыгынан кетти
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Гинцбург: "Спутник Лайт" менен тамчылатма вакцинаны бирге колдонсо болот

5
(жаңыланган 17:15 02.12.2021)
Ноябрдын соңунда Владимир Путин кайрадан вакцина сайдырып, "Спутник Лайтты" тандаган. Ал эми көп убакыт өтпөй тамчылатма вакцина алган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Спутник Лайт" менен коронавируска каршы таноого тамчылаткан вакцинаны аралаш колдонсо болот. Бул тууралуу Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борборунун окумуштуусу Александр Гинцбургдун айтканын РИА Новости жазды.

"Бул ден соолукка зыянын тийгизбейт", — деп кошумчалаган ал.

Октябрдын ортосунда Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги Гамалея борбору тарабынан иштелип чыккан SPRAY 08-Гам-КОВИД-Вак-2021 вакцинасынын клиникалык сыноолоруна уруксат бергени айтылган.

Гинцбург тамчылатма препараттын кыйыр таасири жоктугун билдирген. Анын орун басары Денис Логуновдун айтымында, бул дем алуу органдарында иммунитетти пайда кылып, ооруга кошумча тоскоолдук жаратууга багытталган процедура.

Ноябрдын соңунда Владимир Путин кайрадан вакцина сайдырып, "Спутник Лайтты" тандаган. Ал эми көп убакыт өтпөй тамчылатма вакцина алган.

"Оорутуп же оорутпаганы боюнча айтсам, эки саат мурда сайган, эч нерсе деле сезген жокмун. Баары кадыресе эле, абалым да күндөгүдөй", — деген Путин анда.

Путин COVID-19га каршы тамчылатма вакцинаны эксперимент жасоо боюнча ыктыярчыларды чакырган.

5
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, Александр Гинцбург, вакцина
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
"Кыйыр таасири жок": мурунга тамчылаткан вакцинанын коопсуз экени айтылды
Көмүр кампасы. Архив

Көмүр 6 000 сомдон сатылууда. Кимге кайрылып, кандай чара көрүү керек?

38
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекиткен баа боюнча, Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 4 500 сомдон кымбат сатылбашы керек.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургундары Sputnik Кыргызстан агенттигине калаада айрым жерлерде Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 6 000 сомдон сатылып жатканын айтышты.

Эске салсак, көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн токтому чыккан. Документтин негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кара алтындын баасын бекитип, Бишкекте кара алтындын баасы 4 500 сомдон кымбат ашпаш керек болчу.

Шаардыктар Бишкектин айрым жерлеринде ортомчулар жана ишкерлер баа бекитилгенине карабай Кара-Кече көмүрүн кымбат сатып жатканын айтып, арызданышты.

"Мурманская көчөсүндө жайгашкан базалардын сыртында Кара-Кече көмүрү 5 500 сомдон, Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүндө 6 000 сомдон сатып жатышат. Андан башка жерлерде дагы кымбат экен. Бир тоннаны үйүңө жеткиргенде эле 10 000 сом чыгып кетет", — деди окурман.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарындагы өкүлү Сагын Маматоморов токтом үч ай бою күчүндө болорун, кара алтындын баасы 4 500 сомдон ашпашы керектигин эскертти.

"Биздин кызматкерлер көмүр саткан базаларды күнүгө текшерип жатат. Айрым алып сатарлар ортодон бааны көтөрүп жиберүүдө. 5 000-6 000 сомдон сатылбаш керек. Аларды аныктасак дароо айып салабыз. Шаар тургундарына да кымбат саткан жерлер болсо бизге чалып так дарегин айткыла деп жатабыз", — деди ал.

Көмүрдү кымбат саткандардын үстүнөн кайда арызданса болот?

Агенттиктин борбордук аппараты — 0 (312) 56-33-37, 56-32-19;

  • Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрү — 66-14-15, 66-48-06;
  • Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмү — 0 (3922) 3-18-86;
  • Нарын облусу боюнча бөлүмү — 0 3522 5-09-53;
  • Талас облусу боюнча бөлүмү — 0 (3422) 5-58-51;
  • Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмү — 0 (3722) 7-02-23;
  • Ош облусу боюнча бөлүмү — 0 (3222) 7-00-25;
  • Баткен облусу боюнча бөлүмү — 0 (3622) 5-51-49.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Кара-Кече көмүрү 3 000 сомдон сатыларын убадалап, көмүр ушул баа менен бериле баштаган. Бирок арзан көмүр аз-аздан келип, кезекке тургандар көп. Сатуучулар арзан көмүр алууну каалагандар 10 күн эрте кезекке туруп, тизмеге жазылышы керектигин эскертишкен.

38
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, көмүр, баалар, арыз
Тема боюнча
Бир ай ичинде көмүр 8 пайызга кымбаттаган. Статистика
Энергетика министрине сөгүш берилип, "Кыргыз көмүрдүн" жетекчилери иштен алынды