Конуштардагы жер тилкелер мыйзамдаштырылат. Эмне документ керек

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Коомдук талкууга "2012-жылдын 3-августуна чейин өзүм билемдик менен курулган жеке турак үйлөр түшкөн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору коюлган.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкекте конуштардагы жер тилкелерине документ берүү үчүн мобилдик топ түзүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Мобилдик топ жеринде иш алып бармакчы.
"Учурда "2012-жылдын 3-августуна чейин өзүм билемдик менен курулган жеке турак үйлөр түшкөн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууда. Ал ушул жылдын 29-ноябрына чейин каралып бүтүшү керек", — деп жазылган маалыматта.
Мэрия жер тилкелерин мыйзамдаштыруунун алгачкы процедурасына кандай документтер керек экенин айтты:
  • өздүк күбөлүк (ID карта, түп нускасы жана көчүрмөсү);
  • айланадагы кошуналардан алынган тил каттар, ал кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек;
  • кварталдык комитеттин төрагасы же МТУнун төрагасы тарабынан жашагандыгы жөнүндө жана үй-бүлөнүн саны тууралуу күбөлөндүрүлгөн маалым кат.
Жаңылыктар түрмөгү
0