70 кишиден коронавирус табылып, үч адам каза болду. Соңку статистика

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Бир сутка ичинде эмдөөдөн 10 725 адам өттү. Анын ичинен 5 049 киши вакцинанын биринчи дозасын алса, 5 676сы экинчи компонентин сайдырган.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 70 адамдан коронавирус аныкталып, 109 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 27;
  • Чүй облусу – 16;
  • Ош облусу – 5;
  • Талас облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 8.
Вакцинация от коронавируса в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Адис COVID-19га каршы вакцинанын таасири канча убакытка жетип жатканын айтты
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 183 140ка жетти. Анын ичинде 177 869 адам дартты жеңген. Бир суткада оору үч адамдын өмүрүн алып, жалпысынан 2 737 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Азыркы тапта стационарда 440, ал эми амбулатордук шартта 557 адам дарыланып жатканы айтылды. Бир сутка ичинде эмдөөдөн 10 725 адам өттү. Анын ичинен 5 049 киши вакцинанын биринчи дозасын алса, 5 676сы экинчисин сайдырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0