Садыр Жапаров акча кымырган энергетиктердин бир схемасын ачыктады

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Өлкө жетекчисинин айтымында, энергетиктер имараты курула элек даректе жашагандардын карызы көбөйүп кетти деген схеманы колдонгон.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында энергетика тармагында кымырылган каражат тууралуу маалымат берди.
Мамлекет башчы соңку үч жылдык иштерди гана текшерүүгө алты айлык убакыт кеткенин белгилеп, чогултулган материалдарды башкы прокурор Курманкул Зулушевге тапшырды.
"Акчаны жөн эле кечип салган фактылар бар. Мисалы, адреси жок фундаменти куюлган жерди үй же мекеме катары каттап ушул карызын төлөй албай калды деп миллиондогон сомду кечип салат. Электр энергиясы ушундай жол менен жоголууда. Курманкул Токторалиевич, ушул маселени сизге берем, эки айда карап чыгыңыз. Ар бир райондук прокурорго өзүнчө тапшырма бериңиз, кайсы даректе канча электр энергияны кечкенин изилдеп чыгышсын. Мен жарым жылда акыркы үч жылдыкты гана текшерттим. Мына ушундай фактылар чыгууда. Андан ары түшсө бир жылдан ашык убакытты алат эле", — деди Жапаров.
Президент аталган маселени буга чейин кайсы орган текшергени тууралуу айткан жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0