Акылбек Жапаров: жөлөк пулдун айрым түрү жаңы жылдан тарта 200%га жогорулайт

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Октябрдан тарта жөлөк пул алган балдардын жана бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин акчасы 50 пайызга жогорулаган. Эми 100 пайызга, айрым категориялардыкы 200 пайызга көтөрүлө турганы айтылды.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Балдардын социалдык жөлөк пулу жыл жаңыргандан тарта жогорулай турганын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын 1-октябрынан тарта ай сайын социалдык жөлөк пул алган балдардын жана бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жөлөк пулунун өлчөмү 50 пайызга жогорулатылды.
"2022-жылдын 1-январынан тартып ал 100 пайызга, айрым категориялардыкы 200 пайызга жогорулатылат. Бирок биз муну менен эле токтоп калбайбыз, келечекте жөлөк пулдун, пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумунан төмөн эмес деңгээлге көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз", — деген Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы Коопсуздук кеңешинин жыйынында өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча пландары тууралуу да маалымат берген.
Анын айтымында, учурда айыл чарбасында тогуз кластердик багытты өнүктүрүү боюнча иштер башталды. Бул өлкөнү керектүү продукция менен камсыз кылып, беш жылдан соң экспортко чыгууга шарт түзөт.
Кароосуз калган балдар үчүн реабилитациялык борбор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Өкмөт багуучусунан айрылган балдардын пенсиясын жогорулатты
"Мындан тышкары, 17 миллиард сомго чейинки капитал менен турукташтыруу фонду түзүлөт. Мунун ичинен азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында алты миллиард сомго чейин каражат бөлүп жатабыз. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо иретинде бюджеттин тартыштыгына, пандемияга байланыштуу чыгымдарга карабастан, биз бир катар салыктардан бошотуу, жеңилдиктерди берүү кадамына бардык", — деген Жапаров.
Жапаров Кытайга ата мекендик продукцияны экспорттоону жогорулатууга багытталган иштер жүрүп жатканын айткан. Ошондой эле дүйнөлүк рынокту биринчи кезекте нукура, экологиялык жактан таза продукция менен багындыруу зарыл экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0