COVID: 67 адам ооруп, үчөө көз жумду. 27-ноябрдын маалыматы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүОоруканада медициналык кызматкер
Ооруканада медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Жазылуу
Коронавирус боюнча бүгүнкү статистика ооругандарга караганда айыккандар көп болгондугун көрсөттү. Бирок адам өлүмү тыйылбай жатат.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 67 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап оорудан көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
91 адам ооруну жеңип, айыгып кеткен.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 21;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу - 3;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу – 8.
"Коронавирус үч адамдын өмүрүн алып кетти. Алардын COVID-19га каршы эмдөө албаганы аныкталды", — деп айтылат штаб тараткан маалыматта.
Вакцинация от коронавируса в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Адис COVID-19га каршы вакцинанын таасири канча убакытка жетип жатканын айтты
Жалпысынан пандемиядан тарта өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 183 207 болду. Анын ичинен 177 960 киши айыгып кеткен.
Пандемия башталгандан бери илдеттен 2 740 адам каза тапты.
Бүгүнкү күндө республика боюнча ооруканада 418 бейтап болсо, 552 адам амбулатордук шартта дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0