БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында өтүп жаткан митинг
Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында өтүп жаткан митинг  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман Нуру" партиялары өттү.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында митинг өтүп жатат.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган партиялардын тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, аны кайра өткөрүүнү талап кылып жатышат.
Алар ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын отставкага кетишин талап кылышууда.
Белгилей кетсек, кечээ шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калды. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Өз кезегинде БШК төрайымы бул боюнча жооп берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0