"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды

© REUTERS / DADO RUVIC"Омикрон" жазуусунун фонундагы шприцтер. Архив
Омикрон жазуусунун фонундагы шприцтер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Жазылуу
Өткөн аптада ДССУ Түштүк Африкада коронавирустун жаңы штаммы катталганын жана ал өтө жугуштуу экенин жар салган. Ошондой эле анын антителого туруштук бере алары айтылган.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников коронавирустун жаңы "омикрон" штаммынан коргонуунун жолун айтып брди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Кайрадан эмдөөдөн өтүү керек. Өзгөчө жашы өтүп калган адамдарды буга чейин алган вакцинасы "дельта" штаммынан 60-70 пайыз коргосо, "омикрондон" 20-30 пайыз гана коргой алышы мүмкүн. Ошондуктан кайра эмделүү зарыл. Мындан тышкары, вакцинанын курамын жакшыртуу керек деп ойлойм", — деди дарыгер.
Мясников коронавирустун улам жаңы мутациясы мурдагылардан күчтүү болушу кадыресе көрүнүш деп эсептейт. Ошол эле учурда "омикрон" штаммы "дельтага" салыштырмалуу жеңил өтүшү мүмкүн экенин дагы божомолдоду.
Коронавируска ПЦР-тест жасап жаткан лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат
Өткөн аптада ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат. Эксперттер B.1.1.529 адегенде иммунитети төмөн, ВИЧ менен ооруган адамда пайда болгонун айтышат.
Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, Түштүк Африкада бул дартка кабылган жүзгө жакын адам катталды. Гонконгдо, Израилде, Бельгияда, Чехияда, Германияда, Улуу Британияда, Италияда, Австралияда, ошондой эле Нидерландда жана Австрияда бир нече учур бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0