"Түндүк электр" абоненттеринин айрымдарына атайын тетик орнотот

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность ОАО "Северэлектро"
Деятельность ОАО Северэлектро - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасынын электр тармактарына кошулууда ар бир абонент менен келишим түзүлүп, анда уруксат берилген кубаттуулук макулдашылат.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы айрым абоненттерине трансформатордук подстанциялардын коопсуздугу үчүн атайын тетиктерди орнотот. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бул "акылдуу эсептегичтер" коюла элек жөнөкөй эсептегичи бар абоненттерге тиешелүү.
"Бул тетиктер трансформатордук көмөк чордондордун жабдууларын ашыкча иштөөдөн коргоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу милдетин аткарат. Бул жабдуу электр энергиясын керектөө 5 киловаттан ашканда күйүп кетет жана абонентке ыңгайсыздык жаратат", — деп айтылат маалыматта.
Индукционный однотарифный электросчётчик - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
"Түндүк электр" электр эсептегичтерге чек койду. Чоо-жайы
Мекемеден белгилегендей, "Түндүк электр" ишканасынын электр тармактарына кошууда ар бир абонент менен келишим түзүлүп, анда уруксат берилген кубаттуулук макулдашылат.
"Бул тетиктер абоненттер электр энергиясын керектөө режимин сактаса жана электр кубатын көп пайдаланган мезгилдерде керексиз электр шаймандарын туташтырбаса күйүп кетпейт", — деп эскертилди.
Тетик туташтырылары менен ишке киргизилип, электр кубатын ашыкча пайдалануу башталганда байланышты үзөт. Башкача айтканда, эгерде сөз болуп жаткан жабдуу  күйүп кетсе, ал алмаштырылганга чейин абонент жарыксыз калышы мүмкүн.
"Түндүк электр" ишканасы Бишкек шаарындагы, Чүй жана Талас облустарындагы абоненттерди тейлейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0