Жугуштуу илдеттер ооруканасы COVID жуктургандарды кайра кабыл алмай болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасындагы дарыгерлер. Архив
Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасындагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Жазылуу
Министр "шайлоодон кийин митингдер болот" деген ой менен эми COVID жуктургандардын саны көбөйүшү мүмкүндүгүн айтты.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасы COVID жуктургандарды кайра кабыл ала турган болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Буга чейин министрлик 1-декабрдан тарта оорукана коронавирус жуктургандардын саны азайгандыктан, аларды кабыл албай тургандыгын айткан. Бейтаптарды шаардагы башка стационарларга жибермек.
Бейшеналиев мындай чечимди Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоону башкаруу бөлүмү өз алдынча кабыл алып койгондугун белгилеген.
"Шайлоо өттү, андан кийин митингдер болушу мүмкүн... Оорулуулардын саны көбөйүшү күтүлүүдө. Ооруканадан азырынча "кызыл" зонаны албай турууну чечтик. Эгерде эки жума ичинде COVID илдетинин өсүшү байкалбаса, жугуштуу илдеттер клиникасы коронавируска чалдыккан бейтаптарды кабыл алуусун токтотот. Ресурстарды сарамжал пайдалануу керек", — деди министр.
Кыргызстанда коронавирус боюнча статистика сентябрдан бери өйдө-төмөн болууда. Бирок бир суткада 200дөн ашпаган учурлар катталып жатат. Октябрдын орто ченинен бери суткасына 100 же андан аз болууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0