Атамды тынч койгула! Жапаров ага акаарат келтирген жарандарга жооп берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы бийлик шайлоо процессине кандай кийлигишпеген болсо, БШКнын ишине да ошондой аралашпаганын айтты.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарууда БШКнын сайтындагы мүчүлүштүк үчүн анын атасына чейин асылып акаарат келтиргендер чыгып жатканын билдирди.
Мамлекет башчы Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасаган.
"Мага акаарат айтып, сөгүп-сагып, атама чейин сөз тийгизип, ишенбөөчүлүк көрсөтүп жаткан аттуу-баштуу эле "Кудайга ишенем" деп, дин жолунда жүргөн жарандарыма айтарым: урматтуу жарандар, мен дагы Кудайга ишенген адаммын. Ооба, атам өмүр бою Кудай жолунда жүргөн инсан. "Калыс бол, туура эмес жолго түшпө, куран окуганды үйрөн, намаз оку" деп 8-классымдан баштап үйрөткөн. Кудайым бейишинен берсин. Атамды тынч койгула", — деди Жапаров.
Аны менен катар бийлик шайлоо процессине кандай кийлигишпеген болсо, БШКнын ишине да ошондой аралашпаганын айтты. БШК тараптан дагы добуштарды бурмалоо болбогонун жана болбой турганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0