ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүү"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Буга чейин президент Садыр Жапаров Текебаевге кол салуу ишин тез арада териштирүү боюнча ИИМге тапшырма берген.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.
"Ички иштер органдары тарабынан бардык жагдайлар текшерилип, шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана аларды кармоо максатында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Бул ишти ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алды.
Белгилей кетсек, бүгүн борбор калаадагы мейманканалардын биринин алдында Өмүрбек Текебаевге белгисиз балдар кол салган. Президент Садыр Жапаров Текебаевге кол салуу ишин тез арада териштирүү боюнча ИИМге тапшырма берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0