"Түндүк электр" 5,6 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт

© AFP / JOEL SAGETЛампочка. Иллюстративдик сүрөт
Лампочка. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Жазылуу
Электр энергиясын колдонуучуларга тез арада карызын төлөө зарыл экени эскертилди. Антпесе жарыгы өчүрүлөт.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Эртең, 7-декабрда, "Түндүк электр" ишканасы электр энергиясына карызы бар 5,6 миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылды.
Белгилей кетсек, жалпы дебитордук карыз 12,3 миллион сомду түзгөн.
"Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат", — деп белгиленди билдирүүдө.
Абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экендиги тууралуу маалыматты "Түндүк электр" ААКнын www.se.kg сайтынан же күнү-түнү иштеген Call-борборунан (1209) алса болот.
Эсептер, акча жана калем - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
"Түндүк электр" туумду жоюу боюнча акциясын эске салды. Шарты
Эске сала кетсек, почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн, электрге төлөмдү терминал аркылуу жүргүзсө болот. "Түндүк электр" төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА Банк" терминалдары, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары, "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк", "КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы", "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр төлөм тууралуу билдирме "Түндүк электр" ишканасынын маалымат базасына ошол замат түшөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0