Кирешесинен чыгашасы көп. Баш прокурор Зулушевдин кандай мал-мүлкү бар

© Фото / пресс-служба ЖКБашкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Жазылуу
Баш прокурордун жакын туугандары былтыр 250 миң сом киреше тапса, чыгашасы 4,9 миллион сомго жеткен.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Салык кызматы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин мал-мүлкү тууралуу 2020-жылга карата тапшырган декларациясын жарыялады.
Документке ылайык, башкы прокурор бир жылда 750 722 сом иштеп тапкан, чыгашасы жазылган эмес. Ал Toyota (үлгүсү көрсөтүлгөн эмес) автоунаасына, 70 миң сомдук эмерек, 25 миң сомдук компьютер жана техникага ээлик кылат. Мындан сырткары, 250 миң сомго бааланган бодо малы, 700 миң сомдук жылкы, 1 650 000 сомдук таза кандуу аргымактары бар.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Акылбек Жапаров үй-бүлөсү менен батирде жашап, 7 унаа айдайт. Декларация
Ал эми жакын туугандары 2020-жылы 250 миң сом киреше чогулткан. Ошол эле учурда чыгашасы 4,9 миллион сомго жеткен. Алардын 119 чарчы метрлик турак жайы, аянты 8,1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси бар.
Белгилей кетсек, Курманкул Зулушев 2020-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0