Коронавирус 63 кишиден табылып, эки бейтап каза тапты. Жаңы статистика

© AFP / PATRICIA DE MELO MOREIRAМедициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган бейтап менен
Медициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган бейтап менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Пандемия башталгандан бери өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 712ге жетти, анын ичинен 178 710у айыккан.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 63 бейтаптан коронавирус табылып, 59 адам айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаарында – 21;
  • Ош шаарында – 1;
  • Чүй облусунда – 24;
  • Ош облусунда – 4;
  • Ысык-Көл облусунда — 7;
  • Жалал-Абад облусунда – 6.
Нур-Султан шаарынын көчөлөрүнүн биринде бараткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
COVID-19: Казакстан толугу менен "кызыл" зонадан чыкты
Муну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 712ге жетти. Анын ичинен 178 710у айыккан.
Тилекке каршы, оору эки адамдын өмүрүн алып, өлүм учурларынын саны ушуну менен 2 764кө жетти.
Азыркы тапта стационарда 350, ал эми амбулатордук шартта 405 адам дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0