Чемпиондор чек арачыларга спорттук ийгиликтин тажрыйбаларын үйрөтмөкчү

Чек арачылар чемпиондор менен жолугуп туруу салтын башташты
Чек арачылар чемпиондор менен жолугуп туруу салтын башташты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпиондор чек арачылар менен жолугуп, тажрыйбаларын бөлүштү.

БИШКЕК, 5-ноя — Спутник Кыргызстан. Новопокровка айылындагы Кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунда Олимпиада оюндарынын, дүйнө жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү, байге ээлери Каныбек Осмоналиев, Каныбек Сагынбаев, Айсулуу Тыныбекова, Алексей Федосеев жана Канат Бегалиев менен мыкты спортчу-чек арачылар жолугушуу өткөрүштү.

Чемпиондор менен жолугушуу ушул жылдын ноябрында өтө турчу мелдештерге карата уюштурулган. Үстүбүздөгү жылдын 10-13-ноябрында Алматы шаарында КМШ өлкөлөрүнүн чек ара ведомстволору арасында самбо боюнча чемпионат өтөт. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан ага бардык салмактагы категорияда спортчулар катышмакчы. 8-13-ноябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери арасында спорттун 12 түрү боюнча спартакиада өтөт.

"Чек арачылардын арасында жеңишке жетишүүдө мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн спортчулар бар. Силер менен жолугушуу аларды шыктандырып, насаат сөздөрүңөр жана каалоо-тилектериңер алдыдагы мелдештерде ийгиликтерге жетишүүгө өбөлгө болот деп ишенем", – деди КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары полковник Таалайбек Усубалиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө чемпиондор өздөрүнүн тажрыйбасы, спорттук жашоодогу кызыктуу окуялары менен бөлүштү.Чек арачы спортчуларга спортто, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоо жана кайтаруудагы жооптуу кызматтарында ийгилик каалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0