Катарлыктар Бишкектеги стадионду жаңы жабддуу менен жарыктандырат

Жазылуу
Катар менен Кыргызстан спорт жаатында да кызматташуу боюнча жаңы келишимге кол койду.

БИШКЕК, 10-ноя — Спутник Кыргызстан. Кыргызстан менен Катардын футбол федерациялары эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, катарлыктар Бишкек шаарында жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы ири футбол стадионун дүйнөлүк стандартка туура келген жарыктандыруучу жабдуулар менен камсыздамакчы.

Белгилей кетсек, учурда республиканын башкы спорт аренасы катары саналган стадиондо талапка ылайык жарыктандыруу болбогондуктан мелдештин баары күндүз өтүп келет. Жаңы жарыктандыруу системасы коюлгандан кийин стадиондо кечкисин да матчтар өтүп баштамакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0