Алыш күрөшү: КР курама тобу Дүйнөлүк кубокко катышат

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүОренбург шаары
Оренбург шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын спортчулары алыш күрөшү боюнча 5 —7-декабрда Оренбургда (Россия) өтө турган Дүйнөлүк кубокко барат.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Кыргызстандын спортчулары алыш күрөшү боюнча 5 —7-декабрда Оренбургда (Россия) өтө турган Дүйнөлүк кубокко катышат, деп билдирет Алыш күрөшүнүн эл аралык федерациясынын басма сөз кызматы.

Дүйнөлүк кубок үчүн кыргызстандык күрөшчүлөр Армениянын, Азербайжандын, Австралиянын, Эстониянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Кытайдын, Казакстандын жана Грузиянын спортчулары менен таймашат.

"Таймашты көрүүгө Россия Федерациясынын эмгек сиңирген спортчулары менен спорт чеберлери, бийлик органдарынын өкүлдөрү жана субъект башчылары келишет", — деп белгиленет билдирүүдө.

Таймаштарды даярдап өткөрүү Оренбург облусунун Жаштар саясаты жана спорт министрлиги менен аталган аймактын Улуттук күрөш жана алыш таймашы боюнча федерациясынын колдоосу астында ишке ашырылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0