Тренировка детской сборной команды КР по хоккею

Кыргызстандын командасы "Хоккей жомогу" Евразия кубогуна даярданууда

56
(жаңыланган 05:26 12.12.2014)
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы "Хоккей жомогу" аттуу балдар командалары арасындагы Евразия кубогуна даярдык көрүүдө("Hockey Ice Tale" Hit–2014"). Кубок 20-29-декабрда Сочи шаарында өтөт. Он жаштагы 22 хоккейчи Бишкектеги шаардык муз аянтчасында машыгып жатышат.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы хоккей боюнча балдар командалары арасындагы Евразия кубогуна катышуу үчүн машыгууларды өткөрүүдө, деп маалымдайт Дене тарбия, маданият жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы. 

Курама команданын курамына 10-11 жаштагы 22 жаш хоккейчи кирди. Алар Бишкектеги шаардык муз аянтчасында команданын башкы машыктыруучусу Ринат Мустафаевдин жетекчилиги алдында даярдык көрүшүүдө. Команда 20-декабрда Шайба менен ойнолуучу хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов менен бирге жөнөп кетмекчи. 

"Дене тарбия, маданият жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик 800 000 сомдук жол чыгымдарын мойнуна алды. Калган чыгымдар болсо демөөрчүлөрдүн жана спортчулардын ата-энелеринин эсебинен жабылат. Спорттук иш-чаранын алкагында спортчулар менен делегациянын жетекчилеринин Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн хоккей клубдары менен бир катар жолугушууларын өткөрүү пландаштырылууда", — деп маалымдашты басма сөз кызматында. 

Команданын даярдыгы туурасында журналисттерге КР Шайба менен ойнолуучу хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов айтып берди. Анын сөзүнө караганда, курама командага такай машыгып жүргөн 100 хоккейчинин эң мыктылары тандалып алынды. 

"Балдар 20-декабрга чейин болушунча машыгышат. Жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүк дайыма болот эмеспи. Мамлекеттик агенттиктин директору Кадырбек Эргешовго каржылык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип койгум келет. Буга чейин балдардын чыгымын, негизинен, ата-энелери көтөрүшчү", — деди федерациянын президенти.

Турнирге 12 команда: Кыргызстандын, Беларусиянын, Казакстандын, Латвиянын, Крымдын курама командалары жана "Ермак" (Ангарск), "Русь" (Москва), ЦСКА (Москва), "Ак Барс" (Казань), "Локо-04" (Ярославль), "Металлург" (Магнитогорск), "Серебряные Львы" (Санкт-Петербург)хоккей клубдары катышат. 

21-декабрда "Биринчи канал" Кубогунун (Россия) оюнчуларынын катышуусу менен турнирдин салтанаттуу ачылышы болот жана хоккейдин жылдыздары менен Гала-матч өткөрүлөт.

56
Белгилер:
Анвар Оморканов, Мурат Жакыпов
Тема боюнча
КРдин жети футболдук клубу Футбол федерациясынын лицензияларын алышты
Футбол жөнүндө учкай кеп
Россияда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш

Россиядагы көк бөрү турнирин Москва командасы утуп алды. Сүрөт

9
(жаңыланган 16:46 14.06.2021)
Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды.

  • Команды во время международного турнира по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
  • Команда из Московской области  выигравшая международный турнир по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
  • Команды во время международного турнира по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
1 / 3
© Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты. Көк бөрүнүн маанисин эл аралык аренада көрсөтүп берүү үчүн Москва, Иркутск жана Подольск шаарларындагы командалардын ар бирине экиден кыргызстандык көк бөрүчү кошулуп ойноду.

Жарым финалда Подольск командасы "Атуул" (Кыргызстан) менен беттешип, 12:2 эсеби менен 3-орунду ээледи. Ал эми финалдык беттеште Москва облусунун командасы Иркутскинин улакчыларын 4:1 эсебинде утуп, баш байгеге ээ болду.

Мындан тышкары, Москва командасынан Бообек Шекербек уулу турнирдин мыкты оюнчусу, Иркутскинин "Бойка" аттуу аргымагы мыкты ат наамына татыды.

Сыйлоо аземине Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Айбек Ажигулов жана Россия элдеринин ассамблеясынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Назиржон Абдуганиев катышкан.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция аталган турнирге катышуу үчүн 12 улакчыны Москвага жөнөткөн.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара Россия жана Евразия элдеринин "Русский мир" дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлдү. Аны Спортту жана тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук фонду, Россиянын Элдер ассамблеясы жана Кыргызстандын Көк бөрү улуттук федерациясы уюштурган.

9
Белгилер:
турнир, мелдеш, Көк бөрү, Россия
Тема боюнча
Россияда Айтматов атындагы эл аралык көк бөрү мелдеши башталды
"Русский мир" фестивалында көк бөрү мелдеши өтөт
Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова

Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш уюмунун рейтингинде 1-орунга чыкты

32
(жаңыланган 16:03 14.06.2021)
Тыныбекова акыркы мелдешине чейин 62 килограмм салмактагы балбандар арасында бешинчи орунда турса, азыр биринчиге жайгашты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш уюмунун (UWW) рейтингинин сап башына чыкты. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында жазылды.

Жаңы рейтинг Польшадагы эл аралык турнир жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды. Бул мелдеште Тыныбекова алтын алган.

Эми балбан кыз 62 килограмм салмактагылар арасында биринчи орунда турат. Ага чейин тизмеде бешинчи болчу. Экинчиге венгриялык Марианна Шаштин, үчүнчүгө бразилиялык Лаис Нуньес жайгашты.

32
Белгилер:
рейтинг, балбан, күрөш, UWW, Айсулуу Тыныбекова
Тема боюнча
Утулуп жатып утуп кетти. Тыныбекова Poland Open турниринин финалына чыккан видео
Айсулуу баш болгон балбан кыздар Польшадагы турнирге катышат. Убактысы